Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

МАЙЛУУСУУНУН ТУРГУНДАРЫ ТАШТАНДЫ КАЗЫП ЖАН САКТАШУУДА


Кыргызстандын түштүгүндөгү Майлы-Суу шаарынын калкы таштанды жерден түстүү металл - никель казып алуу менен алек. Майлы-Сууда мониторинг жүргүзүп келген “Кылым шамы” адам укугун коргоо борбору билдиргендей, Майлы-Суудагы жумушсуздук, жакырчылык жергиликтүү тургундарды мындай кадамга барууга аргасыз кылып жатат.

Майлы-Суу шаарында жайгашкан таштанды жерден никелди казып алуу жумушу таң заардан тартып көз байланганга чейин созулат. Бул иш менен алек болгон 4 миңге жакын адам лампочка сыныгынын калдыктарынын арасынан никель зымын издешет. Айта кетчү нерсе, никель зымы ийнеден да ичке, узундугу 2 сантиметр гана болот.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, таштанды жерден никель зымын казып алуу эрте жазда эле башталган. “Кылым шамы” адам укугун коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова никель казып жан багууну көздөп Майлы-Сууга республиканын башка областтарынан да адамдар келип жатканын белгиледи:

-Лампочка чыгаруучу заводдун таштандылары бир короо толтура. Биз барганыбызда Ноокат районунан, Баткенден,Токтогулдан барган эл менен сүйлөштүк. Алар деле бири биринен угуп ушул жерге нанга акча табалы деп келиптир. Бир күндө 3миңден 5 миңге чейин адам барып иштейт экен.

Таштанды деген таштанды. Ал жерде жашоого да, иштөөгө да эч кандай шарт жок. Азиза Абдрасулованын айтымында, чоңдорго кошулуп 4-5 жаштагы балдар да никель издөө аракетинде жүрөт:

-Дасторконундагы наны ошол таштанды жер менен байланышканын сездик, көрдүк. Элдин ахыбалы абдан оор экени көрүнүп турат, -дейт Азиза Абдрасулова.

Майлы-Сууда бардыгы болуп 23 уран калдыгын сактоо жайы бар. Бул таштанды жердин жанында ошол уран калдыктарын сактоо жайларынын бири жайгашкан. Ал жер зым менен курчалып, “кирүүгө тыюу салынган” деп жазылып турганы менен жергиликтүү калк ага деле көңүл бурбайт.

Майлы-Сууда тургундардын мына ушундай иш аракеттери коопту экенин түшүндүрүү үчүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын комиссия түзгөн. Аталган комиссия жергиликтүү бийлик менен бирдикте таштанды жерде жашап оокат кылып жаткан элге никелди казып алуунун кесепеттерин түшүндүрүү иштери менен өткөн жумада Майлы-Сууга барып кайткан. Ошентсе да андан майнап чыкпаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жүргүзүү боюнча департаменттин башчысы Анаркул Айталиев “Азаттыкка”сүйлөгөн сөзүндө билдирди:

-Азыр өкмөттүн токтомунун долбоору менен таанышып жатабыз. Ошол жерди тосмо коюу маселеси турат, бирок ал деле жардам бербейт. Бул жерде түшүндүрүү иштери болушу керек. Эми бул биздин объект болбогондон кийин муну укук коргоо органдары чечиши керек. Мында никелди алып жаткан фирмалар элди кызыктырып жатпайбы, ошону үчүн ошол фирмаларды токтотуу зарыл, -дейт Анаркул Айталиев.

Эми жегиликтүү калк бийликтин өкүлдөрү келип бул таштанды жерди жаап салбаса экен деген коркунучта турган кези. Анткени, алардын күнүмдүк оокаты, наны таштанды жер менен байланыштуу болуп калды.

Мээрим Султангазы, Бишкек

XS
SM
MD
LG