БИШКЕК. Кыргызстандын коопсуздук кызматынын атын атагысы келбеген кызматкеринин билдиргенине караганда, Орусияда таанылган 17 террорчул уюмдун сегизи Кыргызстанда аракеттенгендиги тууралуу «Российская газета» жазган маалымат так эмес. Расмий маалымат боюнча Кыргызстандын башкы прокуратурасы учурда «Алькаида» жана «Талибан» уюмдарына баа берүү аракетин көрүүдө. Мындан тышкары Жогорку Сот «Чыгыш Түркистан исламчыл» кыймылын, «Чыгыш Түркистанды бошотуу» уюмун, «Түркистан ислам»партиясын террорчул, «Хизбут-тахрир» уюмун экстремисттик уюм деп тааныган.
Басма сөздө белгиленгенге караганда, Россия булардан тышкары Кыргызстанда аракеттенген террорчул уюмдардын катарына «Ислам тобу» («Жамаат-и-Ислами»), «Ислам мурастарын кайра жаратуу» («Джамият Ихья ат-Тураз аль-Ислами»), «Аль-Харамейн», «Ислам джихады - моджахеддер жамааты», «Жунд аш-Шам» уюмдарын кошкон.