Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

9-АВГУСТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1677-жылдын 9-августунда Томдук воевода П. Львов тилмеч К. Капустинди он адамдын коштоосу менен энесайлык кыргыздардын өкүмдары Еренакка жиберген. 1916-жылдын 9-августунда Шабдан жана Сарыбагыш волостторунун атынан көтөрүлүшкө катышууну талап кылган кат кыргыз уруу башчыларына жөнөтүлгөн.

1677-жылдын 9-августунда Томдук воевода П. Львов тилмеч К. Капустинди он адамдын коштоосу менен энесайлык кыргыздардын өкүмдары Еренакка жиберген. Томь воеводасы Еренактан орус бийлигине караштуу калктан салык жыйнабасын өтүнгөн. Бирок элчилик, Еренак өкүмдардын калмак контайшиси Галданга кеткендигине байланыштуу жердеген аймагынан таба албагандыктан, К. Капустин Томскиге кайтып келген.

1916-жылкы кыргыздардын боштондук кыймылынын башында Шабдан баатырдын балдары турган. Бу туурасында Түркстан райондук күзөт кызмат чиновнигинин көрсөтмөсүндө кабарланат. Шабдан баатырдын балдары-Мөкүш Сарыбагыш волостунда, Хисамүдүн Пишпек уездинде көтөрүлүшкө жетекчилик жүргүзүшкөн. Алар орус бийлигинен запкы жеген мекендештерин көтөрүлүшкө чакырышып, калк арасында үгүттөө иштерин өткөрүшкөн. 1916-жылдын 9-августунда алар Шабдан жана Сарыбагыш волостторунун атынан Шабдан кожонун Ыйык байрагынын алдына чогулуп, көтөрүлүшкө катышууну талап кылган катты кыргыз уруу башчыларына жөнөтүшкөн.

1916-жылкы кыргыздардын боштондук кыймылы 9-августта Каракече, Жумгал, Курманкожо, Кочкор, Абайылда болуштуктарын кучагына алган. Көтөрүлгөндөр болуштук башчыларга, айыл старчындарына жана жер которгондордун айыл-кыштактарына кол салышып, падыша өкүлдөрүн, айрыкча күчөп келген кулактарды өлтүрүшүп, мал-мүлкүн талап алышкан.

1924-жылдын бу күнү Луговой-Пишпек темир жол байланышы салтанат менен ачылды.

Президенттик администрациянын бөлүм башчысы Болот Жанузаков 1999-жылдын 9-августунда өткөргөн пресс-конференцияда Кыргызстандын Баткен өрөөнүндө пайда болгон «бейтааныш адамдар» Тахир Юлдашев менен Жума Намангани жетектеген Өзбекстан ислам кыймылынын согушчандары экендиги кабарланды. Мындан тышкаары, ал «согушчандар эч кимге зыян келтирбегендиктен, бийлик кан төгүүсүз маселени чечүүгө болгон күчүн жумшайт», - деп ишендирди.

Бу күнү, б. з. ч. 480-жылы 300 спартандык Фермопилдин кашында перс армиясынын жолун тосуп, 1859-жылы америкалык ойлоп тапкыч Натан Эйс эскалаторду, 1910-жылы америкалык ойлоп тапкыч Альва Фишер электр киржуугучту патенттеп, 1631-жылы англис жазуучусу Джон Драйден, 1776-жылы суу формуласын тапкан италиялык физик Амедео Авонгадро, 1911-жылы америкалык астрофизик, Нобель сыйлыгынын лаураеты Уильям Фаулер, 1963-жылы талантту ырчы Уитни Хьюстон, 1926-жылы кыргызстандык сынчы, адабияттаанычу Евгений Озмитель, 1957-жылы Сабырбек Көрөчбековдор жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG