Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

ЖАЛАЛАБАТ : ТЕРГӨӨ АБАГЫНДА УРУП-СОГУЛГАНДАРДЫН ОНТОГОН ҮНҮ УГУЛАТ


Жалалабаттагы убактылуу кармоо жайындагы адамдар 6-августта тергөө абагындагы шарттарга нааразылык билдиришкен. Тергөө абагындагы абал тууралу жакындарына маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлбөгөн. Алардын туугандары 8-августта билдиргендей, убактылуу абактагылар кыйноолорго туш болушкан. Бирок, мындай айыптоолор менен облустук бийлик жана тартип коргоо уюмдары макул эмес. Алардын айтымында Жалалабаттагы ИВСте шарттар жакшы, ал жайдагы айыпкерлерди эч ким урган-соккон жок.

Жалалабат шаардык ички иштер бөлүмүнө караштуу убактылуу кармоо жайы 80 орундуу. Ушу тапта тергөө абагында ар түрдүү кылмыш иштерин жасаган деген шек менен элүүдөн ашык адам олтурат.

Жекшемби күнү алардан кабар алганы барган ата-энелери убактылуу кармоо жайдын ичинен кыйкырык-бакырык, онтоолорду угушкан. Абактагыларга тамак-аш бергени келген адамдардын өкүлү Рано Мухитдинованын айтымында чогулган кишилерди бөлүмдүн кире бериш жеринен алыс турууга буйрук беришкен. Кыйкырык, ызы-чууну уккан аял жардам берүүнү өтүнүп, шаардык прокуратурага, андан кийин облбийликке чуркап барган, бирок, ал жактан натыйжалуу жардам болгон эмес:

- « Ы-ы-ы…» деген аянычтуу кыйкырык-онтоолор, «урбагыла, урбагыла» деген жалынган үндөр угулуп жатты. Мен дароо прокуратурага бардым. ИВСтен бакырык-кыйкырык чыгып жатат, жардам бергиле десем, жооп болбоду.Облустук бийликке барып айтсам, “макул териштиребиз” - дешти. Алар териштиргиче адамды өлтүрүп койсо эмне болот? Эмне үчүн тамырын кести дейсиңер? Абактагы чындыкты айтууга мүмкүндүк бербегенден да. Ишемби, жекшемби, дүйшөмбү күнү да адвокатын киргизишкен жок, – деди Рано Мухитдинова.

Абакта жаткандардын жакындары ишемби күнкү окуяны териштирип, текшерүү жүргүзүүнү талап кылууда. Ушундай арыз менен алар шаардык прокуратура менен облустук бийликке жана адам укугун коргоочуларга кайрылышты.

Баласы 4 айдан бери абакта олтурган Турсунай Жумагулова уруп-согулгандардын үндөрүн угуп турган. Анын айтымында кылмыш кодексинин 97-беренесине ылайык адам өлтүргөн деген шек менен кармалган Айбек Якубовдун башы жарылган:

- Колум, бутум, жардам бергиле, адвокатым кирсин деп кыйкырган үндөр угулат. УВДнын милиционерлери балдарына келген ата-энелерди кууп чыгышты.

Абактагы моюн-курсагы тытылган адамга шаардык тез-жардам кызматы медициналык алгачкы жардам көрсөткөн:

- Мен Кайназаровду жибергем, ал барып денесинде көптөгөн көгала бар деген диагноз коюп келди.

Абактагы уруп-согууларды шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Торобаев тастыктаган жок. Анын түшүндүрмөсүнө ылайык «4 балалуу милиционерди өлтүргөн» деп кармалган кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Айбек Якубов өз денесин өзү тырмалап алган. Мурда үч жолу соттолгон кылмыш дүйнөсүнүн аталган өкүлү эмки оор жазадан чоочулап, түрдүү айла-амалдарды жасоодо, деди микрофонго сүйлөөдөн баш тарткан милициянын подполковниги.

Облустук бийликтин укук коргоо бөлүм башчысынын орунбасары Муса Эргешов убактылуу тергөө абагында абал дурус экендигин билдирди. Якубов аттуу адамдын тамырын кесип алды деген сөз аныктала элек деп айтты Муса Эргешов:

- Бардык бөлүмдөргө кондиционер коюлган, абал жакшы. Ал жерде 20 жылга соттоло турган Якубов отурат экен, ал венасын кесиптир деген сөздөр бар, мен аны азырынча тактай элекмин. Бир аз карыз бар экен, бирок ИВСга бөлүнгөн акча убагында берилип атат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG