Израил бүгүн Ливандын түштүгүндө жол каттамдарын токтотуп, Литани дарыясынын түштүк бөлүгүн автоунаа менен жүрүүгө жабык аймак катары жарыялоо менен кокус ары-бери каттаган автоунаалар болсо, бутага алынарын эскертүүдө. Бул аралыкта түштүктө "Хезболланын" таяныч бекети катары эсептелген Бинт-Жбеил кыштагында айыгышкан уруштар өткөн түнү да улантылды. Израил аталган кыштакты ээлеп алууга эки аптадан бери аракеттенүүдө.
Ливан полициясынын маалыматына караганда, Израилдин аба соккулары өткөн түнү өлкөнүн чыгышына, түндүгүнө, борборуна да жасалды. Израил бүгүн таңга маал анын аскерий учуктары түштүктө палестин качкындарынын лагерине сокку урганын ырастады. Аскерий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, бутага "Хезболла" согушкеринин үйү алынган. Ливан полициясы аба соккусунан кеминде 2 адам өлүп, 15 адам жаракат алганын маалымады. Муну менен Израил "Хезболлага" каршы чабул баштагандан бери Ливанда палестин качкындарынын лагерин биринчи ирээт бутага алып олтурат.
Ал эми түштүктө "Хезболла" менен кечээги уруштарда, Израилдин билдиргенине караганда, ал үч аскерин жоготуп, бешөөсү жаракат алды. Хезболла болсо 15 согушкеринен айрылган. Ливандын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Израилдин кечээги аба соккуларынан түштүктө кеминде 16 жөн жай адам каза тапты.