Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

ТУРСУНБЕК АКУН: КАЧКЫНДАРДЫ КАЙТАРУУ ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН МАКУЛДАШЫЛГАНЫНА ИШЕНБЕЙМ


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек Бүгүн Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстанда кармалып турган өзбекстандык беш качкынды Өзбекстан бийлигине кайтарып берди. Мындай маалыматты БУУнун качкындар иштери боюнча комиссарлыгынын Кыргызстандагы эксперти тастыктады. Ал эми президенттин адам укуктары боюнча комиссия төрагасы Турсунбек Акун «Азаттыкка» берген интервьюсунда башкы прокуратураны кескин сынга алды. Башкы прокуратура өз кезегинде качкындардын Өзбекстанга өткөрүлүп берилгенин ырастабай турат.

- Урматтуу Турсунбек мырза, Анжиян окуясында Кыргызстанга ооп келгендерден калган беш качкынды Башкы прокуратура Өзбекстанга өткөрүп берди деген сөздү угуп атабыз, ушунун канчалык чындыгы бар?

- БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарынын Кыргызстандагы кеңешчиси Виталий Масловский менен сүйлөштүм. Бүгүн эртең менен саат 8-9 да алардын эки-үч жумушчусу барган экен Ош СИЗОсуна. Барса бул жерде эч ким жок, бардыгы кеткен дептир.
Артынан машине менен Өзбекстан менен чектешкен «Достук» чегарасына барышып текшеришсе, чын эле бешөөнү алып кетишиптир. Кайра келип прокуратуранын кызматкеринин катышуусу менен СИЗОнун жооптуу кызматкери менен сүйлөшсөк, алар да чындыгын далилдешиптир. Биз азыр да тиешелүү жерлерге чалып атабыз.

- Турсунбек мырза, сиз президенттин өкүлү катары аракет кылып көрдүңүзбү, башкы прокуратура менен байланышып көрдүңүзбү?

- Аракетибиз ушул болду, буга чейин комиссиянын атынан эч качан эл аралык норманы, эл аралык конвенцияны бузганга болбойт, бул качкындарды берүүгө болбойт, биз анда дүйнөлүк коомчулуктун алдында шылдың болобуз, Конвенцияны бузган болобуз деп кечээ биз кайрылуу кабыл алганбыз.

Азыр болсо биз аларга кайрылуунун эч кандай зарылчылыгы жок, анткени алар берип салышты, Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулукка шылдың кылды, Конвенсияны, эл аралык норманы сыйлаган жок. Өзбекстанга жагынуунун жолун издеди башкы прокурор Конгантиев. Ошон үчүн биз Конгантиевдин жеке кызматтык аракетин сындаган кайрылуу кабыл алып атабыз.

- Турсунбек мырза, мындай маселе адатта президент менен макулдашылабы?

- Президент менен макулдашылганына мен ишенбейм, президент мындай кадамга барбайт. Бул Конгантиевдердин эптеп бийликке жагынууга же коңшу мамлекеттердин башчыларына жагынууга жасаган аракети болуп атат. Убагында Бекназаров да ошондой болуп сын уккан эл аралык коомчулуктан, укук коргоочулардан, бул башкы прокурор да ошондой колдонуп атат. Мунун өзүн Бакиев атайын уюштуруп атат же билет деп айта албайм мен. Булар Бакиевге туура эмес маалыматтарды берди. Конгантиевге окшогондор Өзбекстанга кошомат кылуунун жолуна түшүп алды. Биз дүйнөлүк коомчулуктун статусун сыйлашыбыз керек. Биз конвенсияга кол койдукпу, дүйнөлүк милдеттеме алдыкпы, ошону аткарышыбыз керек.

- Эми мындан ары Өзбекстанга алып кеткенден кийин да Кыргызстандын укук коргоо кыймылдары тарабынан кандайдыр бир алардын укуктарын коргоо боюнча аракеттер болушу мүмкүнбү?

- Бүгүн биз билип силерге айттык. Мен ойлойм, Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдар, эл аралык уюмдар, укук коргоочулар бул боюнча өзүнүн пикирин айтаарына мен толугу менен ишенем, анткени бизде атуулдук коом аябай өнүккөн. Бирок булар атуулдук коомдон жашырып туруп берип атат.

- Бирок ошол эле мезгилде Башкы прокурор Конгантиев буга чейин Жогорку соттун чечими акыркы чечим, Жогорку Соттун чечими боюнча биздики мыйзамдуу болот, мыйзамга баш ийишибиз керек деп айтып келбеди беле?

- Бул улуттук соттун чечими. Андан тышкары эл аралык Конвенция, норма, милдеттенме деген бар. Биз эл аралык милдеттенмеге баш ийишибиз керек. Аны менен алар эсептешкиси келбейт экен, ага билими жетпейт экен, Советтик укукту окуп алышкан башкы прокурордун бардыгы.

XS
SM
MD
LG