Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:36

БЕШ КАЧКЫНДЫ БИШКЕК ТАШКЕНТКЕ КАЙТАРЫП БЕРДИ


Азиза Турдуева, Бишкек Президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча комиссиясы кечээ беш өзбек качкыны Ташкенге өткөрүлүп берилгендигин билдирди. “Рейтер” маалымат агенттиги бул тууралуу өзбек качкындары отурган №5 сизонунун начальниги да тастыктагандыгын жазып чыкты. Бирок, башкы прокуратура бул маалыматты азырынча ырастаган жок.

Президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун маалыматына караганда, кечээ Оштогу №5 СИЗОдо өткөн жылдагы Анжиян окуяларынан бери отурган беш бек качкыны Ташкенге өткөрүлүп берилди. Укук коргоочу муну бийлик тарабынан жасалган туура эмес кадам катары сыпаттады. Беш качкындын Өзбекстанга өткөрүлүп берилгендигин ОШтогу СИЗОнун начальниги Самаддин Сатаров да тастыктагандыгын “Рейтер” маалымат агенттиги жазып чыкты. Бирок, юстиция министри Марат Кайыпов бул тууралуу маалыматы жок экендигин “Азаттыкка” билдирди.

Өзбекстандык беш качкындын укугун коргоо багытында буга чейин иш жүргүзүп келген “Адилет” уюмунун төрайымы Чолпон Жакупова “Азаттыкка” өзбек качкындарынын өткөрүлүп берилгендиги боюнча төмөнкү маалыматтарды айтты:

“Биз качкындардын тагдырына тынчсызданып, байкоо жүргүзүп турганбыз. Күнүнө эки ирет биздин уюмдун өкүлдөрү СИЗОго барып, алар ордундабы деп кабар алып турушкан. Кечээ эрте менен да уюмдун өкүлдөрү барганда алар СИЗОдо болчу. Бирок, түштөн кийин саат экиде барышса, аларды чыгарып кетишкен экен. СИЗОнун начальниги мен жетектеген уюмдун эки өкүлүнө башкы прокуратуранын беш өзбек качкынын Өзбекстанга өткөрүп берүү жөнүндөгү чечимин көрсөтүптүр. Ал укук коргоочуларга качкындар прокуратурадан жолдонгон ушул каттын негизинде СИЗОдон чыгарылып, Өзбекстанга өткөрүлүп берилди деп түшүндүрүптүр. Андан соң уюмдун өкүлдөрү “Достук” чекара пунктуна барышкан жана ал жерде чекарачылар саат үчтө өзбек качкындары чекарадан өткөрүлгөндүгүн айтышкан. Ошентип, алар саат үчтө өткөрүлүп берилгендиги тастыкталды”, -деди Чолпон Жакупова.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы эксперти Виталий Масловский кыргыз бийлиги өзбек качкындарын коңшу өлкөгө өткөрүп бергендиги менен Качкындардын статусу жөнүндөгү Конвенцияны жана өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди бузгандыгы тууралуу айтты:

“1951-жылкы качкындардын статусу жөнүндөгү” Конвенциянын 33-беренесинде, мамлекет адамдардын өмүрүнө жана эркиндигине коркунуч бар өлкөлөргө кайтарып бербөөгө милдеттендирилген. Бир четинен бул жерде эки эл аралык системанын качкындардын укуктарын коргоо системасынын жана качкындарды өткөрүп берүү боюнча системасынын ортосунда айрым карама-каршылык орун алып калды. Регионалдык Минск конвенциясы жана Качкындардын статусу жөнүндөгү Конвенция. Бирок, эл аралык Конвенция жогору турушу керек эле. Албетте, мамлекет озүнүн кандайдыр бир саясий кызыкчылыктарын көздөшү мүмкүн. Бул башка маселе”, - деди Виталий Масловский.

Ал белгилегендей, буга чейин, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгы Кыргыз өкмөтүнөн өзбек качкындарын Ташкенге өткөрбөөнү өтүнгөн.

“Адилет” уюмунун төрайымы Чолпон Жакупова өзбек качкындарын өткөрүп берүү жөнүндөгү чечим саясий мүнөзгө ээ деп эсептейт:

“Бул президент Бакиевдин Ташкенге бараарынын алдындагы президент Каримовго жасаган белеги. Бирок, ушундай белектерди тартуулоого баш прокуратура катышып жактандыгы өкүнтөт. Анткени, бул орган мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөөчү орган да”, -деди Чолпон Жакупова.

Ал эми башкы прокуратура беш качкындын Өзбекстанга өткөрүлүп берилиши боюнча маалыматты кечээ кечинде тастыктаган жок. Бул маселе боюнча башкы прокуратуранын маалымат кызматынын жетекчиси Токтогул Какчекеев “Азаттыкка төмөнкүдөй жооп берди:

“Мен саат алтыда баш прокурорго кирдим. Качкындар өткөрүлүп бериилдиби деген суроолор болуп жатат журналисттер тарабынан деп сурадым. Камбаралы Конгантиев бул маселе чечилип жатат деп жооп берди. Бул маалыматты эртең тактайбыз”, -деди Т. Какчекеев.

XS
SM
MD
LG