Махмуд Ахмадинеджад Жорж Бушту Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу аракеттери, май айында Ак үйгө жолдогон катка жооп бербегени үчүн сынга алды. Ал бул тууралуу америкалык Си-Би-Эс телеканалына берген интервьюсунда айткан. Ахмадинеджад өз сөзүндө президент Буштун администрациясын Иранды басмырлап, империя куурууга умтулуп жатканы үчүн айыптады. Ирандын лидери белгилегендей, Жакынкы Чыгыштагы кризисти чечүү үчүн Буштун администрациясы жүрүм-турумун өзгөртүшү керек. Интервьюнун үзүндүсү Кошмо Штаттарда бүгүн кечке жуук көргөзүлөт жана толугу менен алдыдагы жекшембиде обого чыкмакчы.
Иран президенти АКШнын президентин америкалык телеканалган берген интервьюсунда сынга алды