Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:03

КУРИЛ АРАЛДАРЫ ӨЗДӨШТҮРҮЛӨБҮ?

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын өкүмөтү мурунку бейшемби күнү өткөргөн олтурумунда Курил аралдарын 2007-2010-жылдар ичинде өздөштүрүү программмасын карап чыгып бүжеттен 600 миллион доллар каражат бөлүүнү колдоого алды. Олтурум үстүндө ал аралдарда жашап аткан калктын санын эки эсеге көбөйтүү башкы маселе экенин Орусиянын экономикалык министри Герман Греф айтты. Ал жерде айтылган дагы бир кепте Орусиянын өкүмөтү Курил аралдарын Жапонияга берүү-коюу маселесин карабайт, ал «саясий маселе» делинет.

Орусия бүжет казнасынан Курилдик аралдарды өздөштүрүүгө деп 18 миллиард рубль ажыратмак болду. Натыйжада ал жактагы калктын саны эки эсеге көбөйөт, аралдардагы балык өндүрүүчү эки сооттон сырткары дагы жыйырма соот курулат дешет. Ава ырайы бузук же ачык экенине карабай учактар коно алгыдай майдан курулат дешкен. Кызык жери, эки жыл мурда (2004-жылы) да өкүмөт «14 миллиард рубль бөлүп атабыз, эң башкысы Кунаширге учак майданын куруу», - деген эле.

Владивостокто туруучу журналист Дмитрий Климов айтканга караганда курилдиктер маскөөлүк бийликтегилердин убадасына анча ишенишпейт. Алар кайра «Биздин Орусияга да Жапонияга да керегибиз жок. Алардын көөнү биз эмес эле бул жердеги мухиттик байлыкта, шаа жеткис балык такоолунда дешет», - дейт.

Курил аралдарынын эң ирилери кошуна мамлекеттер талашына түшкөн Кунашир, Итуруп, Шикотан жана Хабомаиде жашагандар эсеби 20 миңге чукул экен. 90-жылдары курдурган балык өндүрүү сооторунда чоң жерден чакырык менен барган дегинкиси кыз-келиндер ошол бойдон ал жакта кала беришкен. Кийин эл оозунда Шикотан туурасында «аял аялдан ойнош күткөн өрөөн» деген кеп пайда болуптур.

Арадан 60 жыл өтсө да жапондуктар көрүстөндөрү, тамташтары, жолу эмдигиче урунууга жарарын айтышат. Азыркы тушта да бай жапондор өз ыктыяры менен электр станция, оорукана, пирстерди бекер куруп берип атканын айтышат. Жашоо шарты ошончо жеңил эмес сыяктант, маселен, бир бөлкө 25 рубль турары маалым болду.

Курил кыркасындагы төрт арал Жапония менен СССР, а кийин Орусия талашына айланганы маалым. 2004-жылы ноябрде тышкы иштер министри Сергей Лавров «Орусия эки аралды Жапонияга бере алат», - деп айта коюп коомчулукту катуу кулак түргүзгөн. Арадан бир ай өтпөй (2004, 23-декабрде – ММ) президент Путиндин журналисттер менен өткөргөн чоң баарлашуусу үстүндө Киодо Цусин кабарчысы Матсо Дзюма андай сөздүн чын жалганын билиш үчүн суроо салган:

«Тышкы иштер министри Лавров, 1956-жылы кабыл алынган келишим негизинде Жапонияга эки аралды берип, жер маселесин чечсе болот деди. Бул маселеге карата Сиздин көзкарашыңыз кандай?» - деген эле жапондук журналист.

Орусиялык лидер болсо аралдарды колдон чыгарбай тургандыгын ачык айткан.

«Анда (келишимде – ММ) Советтер Союзу эки аралды Жапонияга берүүгө даяр деген. Бирок кандай шартта берүү керек? Качан берүү керек? Ал жерлердин суверендүүлүгү ким тарапта болот такталган эмес», - деген болуучу президент Путин.

Иши кылып, мына ошол, 60 жыл бою эки мамлекет алакасына чок салып келаткан Курил аралдарын Маскөө өздөштүрөм дейт. Бирок бул иши бир анализчилер болжолунда суу кечпей кала берет. Дагы бирлери айтканга караганда «Орусия намыстанып, чындап эле аралдарды такыр өзүнүкү кылып алууну көздөп атат».

Курил аралында жашагандар болсо орусиялык эки мамлекеттик сыналгы, он чакты жапондук сыналгыны көрүшөт экен. Ава ырайын алдын ала жаңылбай айтат деп жапон сыналгыларына көбүрөөк ишенимдери бар дешет.
Куржундар
XS
SM
MD
LG