Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

РОЗА ОТУНБАЕВА: АМЕРИКА КЫРГЫЗСТАНДАН ЖАРДАМЫН АЯБАЙТ


Аманбек Жапаров,Бишкек АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучердин иш сапарына байланыштуу кыргыз-америка байланышынын күңгөй-тескейи жана өлкөдөгү абал тууралуу кабарчыбыз Аманбек Дилденбай белгилүү саяcатчы, "Асаба" партиясынын тең төрагасы Роза Отунбаева менен маектешти.

-Роза айым Орто Азия чөлкөмү мурда борбордук Чыгыш Европа менен бир бөлүмдө эле. Ричард Баучердин Мамлекеттик депертаментке келиши менен Борбор Азия аймагын Түштүк Азия депертаментине кошту. Мындай аймактык өзгөртүүдөн Кыргызстан утабы же уттурабы?

-Ушундай дизайндын артында абдан чоң маанилүү бир ойлор жатат. Америкалыктардын Азия регионунда абдан көп мүмкүнчүлүктөрү бар. Мисалы, алардын таасири менен Ооганстан акыркы 5 жылда демократиялык, экономикалык жактан өсүп келаткан өлкөлөрдүн бири болуп калды. Ал эми бардык жактан өнүгүп-өсүп жаткан Индия,Кытайда энергия булактары, суу маселеси абдан курч проблемалардын бири болот. Демек бул аймакта көп коркунучтар да бар. Ошого жараша ымалалашканга мүмкүнчүлүктөр да бар. Америка өкмөтү ошондой эки өңүттү ачып, бул аймакта соода катнашын, экономикалык байланыштарды ачып берелик деп жатпайбы. Мына ушундай ойлор менен АКШнын мамлекеттик департаменти баш болуп, Ричард Баучер мырза маанилүү иштерди ушул чөлкөмдөгү кошуна мамлекеттерде жасап атышат. Мисалы, алардын таасири менен кошуна Тажикистандын ВВПсы 7 пайызга өсүп, өнүгүүнүн жолуна түштү. Тажиктердин энергетика тармагында Кытай, Россия, АКШ, Иран төрт мамлекет тең абдан жемиштүү иштеп атышат. Тажиктерден Кыргызстандын потенциалы кем эмес. Эгерде бийликтегилер туура саясат жүргүзүп, АКШ менен жакшы мамиледе болсо Кыргызстан Борбор Азия менен Түштүк азия аймагында тез эле өнүгүп кетет эле.

-Роза айым айрым байкоочулар АКШ менен Кыргызстандын ортосунан “кара мышык” чуркап кетти, бул кыргыз-америка байланышына терс таасирин тийгизиши мүмкүн, деген көз караштарын айтышууда. Эки өлкөнүн мамилесин Ричард Баучер мырза кандай өңүттө карайт деп ойлойсуз?

-Өткөн айда АКШнын эки дипломатынын чыгарылышы, Ганси авибазасынын тегерегиндеги сөздөр болуп кетти. Азыр Баучер мырза келип кыргыз өкмөтүнөн сурайын деп атат. Кыргызстан АКШ менен кандай катнашта болосуңар? Силердин көз карашыңар кандай? Эки тараптуу байланышты кандай багытта өнүктүрөлү деп атасыңар?-деген маселени коет деп ойлойм. Демек Баучердин келиши азыр принципиалдуу, Кыргызстан менен американын мамилесине абдан чоң таасир берүүчү жолугушуулар болот. Менин билишимче Мамдептин өкүлү президент, өкмөт башчысы жана башка бийлик өкүлдөрү менен жолугушат.

-Тышкы иштер министрлигинин экс-министри катары айтсаңыз, Баучер мырза менен кыргыз бийлиги жолугушканда кайсы маселелерге басым жасашы керек деп ойлойсуз?

-15 жыл аралыгында АКШ өкмөтү Кыргызстанга огеле көп жардам берди. Мурдагы СССР жоюлганда Россия Кыргызстанга өгөй баласындай мамиле кылып, көңүл бурбай койгондо ушул Америка колтугун ачып жардам бербедиби. Билим берүү жаатында канчалаган жаштарыбызыды оукутуп берди. Азыр мыкты-мыкты кыргыздын уул-кыздары америкада иштеп атышат. Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жогорку окуу жайын ачты. Ошондуктан билим берүү тармагындагы байланышты өнүктүрүү маселесин коюш керек. Экинчиден бир катар финансылык уюмдар ошол америкага карайт. Алардан эбегейсиз каражаттарды алдык. Мындан ары экономиканы өнүктүрүүгө америка кандай салым кошо алат? Бул маселе учурдагы абдан маанилүү маселе. Ошондой эле демокаратияны өнүктүрүү боюнча алардын көмөк көрсөтүүсүн арттыруу маселесин коюш керек. Энергетика тармагын өнүктүрүүгө, баңги заттарга каршы күрөшүүгө тартынбай эле жардамга муктаж экенбизди айтышыбыз зарыл. Борбор Азиянын коопсуздугу үчүн Ганси авиабазасын чыңдоону өтүнүшүбүз керек. Чын-чынында АКШ Кыргызстан сыяктуу демократиялык багытты көздөгөн өлкөлөрдөн жардамын аябайт. Мына ошол берилген жардамды кыргыз бийлиги кандай пайдаланат бул башка маселе?

-Айрым байкоочулар Астанада өткөн ШКУнун саммитинде Кыргызстандан Американын аскер базасын чыгаруу маселеси кыйытылганын айтышууда. Сиздин көз карашыңызда кыргыз-америка байланышына Шанхай Кызматташтык уюму кандай таасир тийгизет деп ойлойсуз?

-ШКУнун таасири болбойт деп айталбайм. Анткени ШКУ Россия, Кытай, Орто Азиядагы мамлекеттердин курамынан турган перспективасы бар уюм. Дүйнөлүк геостратегиялык тирешүүдө Америка менен Кытайдын ортосунда, Америка менен Россиянын ортосунда сөзсүз карама-каршылыктар бар. Биздин эң маанилүү “баш оорутмайыбыз” биз ошол зор дөөтөрдүн ортосунда “кыпчылып” калбайлы деген коркунучту эстен чыгарбашыбыз керек. Биз ШКУнун курамында сөзсүз болушубуз керек. Бирок ошол ШКУда болобу, же башка уюмдарга мүчө болобузбу мына ошол жерде биз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарды жактап, башка бирөөлөрдүн таңуулаган ойлорун айтпай, өзүбүздүн оюбузду ортого салышыбыз керек. Бирөөнүн саясатын туурабай, башкаларга жагалданбай мамлекеттүүлүгүбүздүн жүзүн көрсөтө турган саясат жүргүзүшүбүз керек.

-Эми Роза айым өлкөбүздөгү абалга токтолсок. Мына, март окуясынан кийин орчундуу кандай өзгөрүүлөр болду? Азыркы бийликтин иш аракетине кандай баа бересиз?

-Мына биз азыр оппозиция деп атабыз. Бийликти сынга алып атабыз. Мына ошол биз сынга алган бийлик жагынайын деп оппозиция боюнча мыйзам чыгарып берели деп атат. Бизде мүмкүнчүлүк болуп атат. Акыркы бир жарым жыл ичинде он чакты партиялар бутуна туруп баратышат. Саясий аренада алар көзгө көрүнүп, олуттуу иштерди жасай баштады.Бул абдан жетишкен көрүнүш. Маанилүү саясий факт деп айтаар элем. Андан сырткары бизде маалымат каражаттарында өзгөрүүлөр бар. Ошондой эле демократиялык жагынан, адам укуктары боюнча жарандык коомдор, ар кандай уюмдар активдүү иштеп атышат. Аларга бийлик тарабынан тоскоолдук болгон жок. Акаевдин учурундагыдай куугунтукталган жок. Жарандык коомдор өз ойлорун ачык айтып атышат. Ал эми жетишпеген жактарына токтолсом, бийликтин көзгө көрүнгөн иштерди жасаганын биз көрбөй атабыз. Алигиче бир министрликтин программасын көргөн жокпуз. Ички саясаты болсун тышкы саясаты болсун алдыга койгон конкреттүү программасы жок. Азыр деле баш аламандык өкүм сүрүүдө. Анан тыякка бир заводду курабыз. Биякка бир ишкана курабыз, билебиз кантип иштеткенди, дегени курулай эле сөз. Мына ошол сөздөрдү ишке ашырсын анан биз азыркы биййликке баа беребиз.

XS
SM
MD
LG