Орусияда азыр расмий айтылып жүргөн 362 миң ВИЧ инфекциясын жугузуп алгандар бар. Бейрасмий ала келгенде («Известия» 01.12.2005 – ММ) «Орусияда ВИЧ инфекциясын жугузуп алгандар эсеби бир жарым миллионго жетет». Орусиялык СПИД менен күрөшүү борборунун башчысы Вадим Покровский айтканга караганда «ар бир оорулууга жылына кетчү дары 5 жарым миң доллар турат. Ошого карабай дарылар элет жерлерде жашагандар үчүн жетишпейт».
БУУ эсебинде азыркы тушта жер жүзүндө ал дарт менен ооруган 42 миллион киши бар. Анын 19 миллиону аялдар.
Эксперттер баамында ал илдет эң ылдам жайлып барткан өлкө Орусия. Ал илдетти кеңири жайылтып аткандар аягы суюк келиндер болуп атканын айтышат. Буга Казан калаадагы түнкатып акча табуу ишкердигине берилген ойсекелер денсоолугун текшерип туруучу борбордон алынган маалыматтар күбөдөй. Симон аталыштагы ошол борбордун жетекчиси Светлана Кочеткова мындай көрүнүшкө кабыргасы кайышпай тургандыгын айтат:
«Мен жыныстык катнаш боюнча ишкердикте жүргөн кыздарга жаман ойдо болгондор катарына кирбейм. Ал өзү каалап ушундай жолго түштү. Антүүгө анын укугу бар. Бул ал тандап алган жол!», - дейт ал жетекчиси.
Симон борборунун доктуруна көрүнүп туруучу түнката жол тосуп акча тапчу келин болсо бул ишкердикте жүргөндөр арасынан кеминде 80 пайызы ар кандай илдетке чалдыгышат дейт:
«Карай келсең (ойсекелердин – ММ) сексен пайызы ооруга чалдыгышы мүмкүн. Ар бир төртүнчүсүндө ВИЧ илдети бар деп айтсам аз болбос», - деген өзүн Зарипамын деп атаган келин.
Ал эми ооруга чалдыккандар арасынан кайраттуулары СПИД менен күрөшүүгө белсенип киришүүдө. Апрелдин этегинде Чуваш Жумуриятынын ордо калаасында туручу Светлана Изымбаева ошондой жолго түшкөнү белгилүү болду. Ал жергиликтүү сыналгыдан "СПИД менен ооругандар арасынан эң сулуусу ким?" мелдешине катышып биринчи орунду жеңип алган. Анын оорусу дайын болгондо кантип кишилер тетири карап кеткенин эскерет:
«Мен сыналгыдан чыгып ВИЧ жугузуп алдым десем эле абдан көп кишилер менден кача башташты. Мен аябагандай жаман болдум», - дейт Светлана Изымбаева.
Ошондон тарта Изымбаева өзү жашаган Чебоксары калаада СПИД менен ооругандарга көмөк көргөзүү менен алек. Алардын бири менен жолугушуу маалында ал мындайча суроо таштады:
«Жашагың келеби?» - деди Светлана.
«Жашагысы келбеген ким?» - деди СПИД менен ооруган жигит.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы