Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:37

ОШ : ӨЗБЕК МАДАНИЙ КООМУ ЭМНЕГЕ КАБАТЫР?


Кубанычбек Жолдошев, Ош Кыргызстандагы өзбектер коому төрт өзбек бозгунун Ташкентке кайтарып берүү менен кыргыз бийлиги өзүнө алган эл аралык милдеттемелерди бузду деген мазмундагы билдирүү таркатты. Ал эми Ош облусунун губерантору Жантөрө Сатыбалдиев болсо маселени саясатташтыруунун кереги жок экендигин белгилөө менен төрт өзбек жараны мыйзамдын чегинде өткөрүлүп берилгендигин билдирди.

Өткөн жылкы Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанга качып өткөн өзбек бозгундарынын арасынан кылмышка тиешеси бар деп шектелип Ош шаарындагы тергөө абагында кармалып келген төрт адамдын Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине тынчсызданган Кыргызстандагы өзбектер коому алардын андан аркы тагдыры боюнча кабатырлануусун билдирди:

- Өзбек качкындарын Өзбекстанга кайра берүү бул Вена конвенциясын жана атуулдук укуктарды бузуу болуп саналат. Бул качкындардын абалы Өзбекстанда өтө кыйын болот. Аларды кыйноого алышат. Биздин бийликтин ишин колдобойт. Демократиялык коомдор, өлкөлөр мындай саясат алып барбайт, - деди Кыргызстандык өзбектер коомунун жетекчиси Алишер Хамидов.

Ош облустук прокуратурасынын маалыматына караганда өздөрүн өзбек бийлиги тарабынан саясий куугунтукта деп эсептеген төрт өзбек жаранынын Анжиян окуяларына чейинки ишмердүүлүгү аныкталып, сот органдары тарабынан аларга саясий баш баанек бербөө чечими чыккан.

Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев төрт өзбек жаранын өткөрүп берүү эл аралык жана улуттук мыйзам базасынын чегинде жүргүзүлдү деген оюн билдирүү менен бей өкмөт уюмунун лидерлерин мындан саясат жасабоого чакырды:

- Качкындарга биздин сот, укук коргоо органдары алар качкын эмес, өздөрүнүн мамлекетинде мыйзамга ылайыксыз иштер жасаганы мойнуна коюлгандан кийин анан берилди. Ошол эле убакта былтыр Анжиян окуясынан кийин келгендерди мамлекет өзүнө алган милдеттеринин негизинде үчүнчү мамлекетке өткөрүп берди.

Эске сала кетүүчү жагдай, аталган төрт өзбек жараны өткөн жылы качкындар лагеринен бөлүнүп алынып, бир жылдан ашуун убакыт бою Оштогу тергөө абагында кармалып турган эле.

XS
SM
MD
LG