Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

ЖОРЖ БУШТУН “ИСЛАМДЫК ФАШИЗМ” ТЕРМИНИ ТАЛАШ-ТАРТЫШ ЖАРАТАТ


АКШ президенти Жорж Уокер Буш Британиядан Кошмо Штаттарды көздөй каттай турган жүргүнчү учактарды жардырмак болгондордун кутуму ашкереленгени тууралуу кабарго жооп кылып жатып, “эркиндикти сүйгөн атуулдарыбызды жок кылуу үчүн “исламчы фашисттер” бар аргасын жасамакчы” деп айтты. Бейшембиде Буштун сөзүндө колдонулган “исламчы фашист” термини Батышта да, мусулмандык Чыгышта да уу-дуу талкууга жем болуп берди.

10-август күнү АКШ президенти Жорж Уокер Буш террордук жардырууларды жүзөгө ашырууга ниеттенгендер колго түшкөнү, эң ири кутум үзгүлтүккө учурагандыгы тууралуу Британиянын расмий маалыматын сөзгө алып жатып, “исламдык фашизм” терминин мындайча колдонду:

- Биздин атуулдарыбыз учурда кабардар болуп жаткан Лондондогу соңку камакка алуулар эркиндикти сүйгөн адамдарыбыздын баарын тең ойрон кылуу үчүн бар аргасын жасай турган “исламчы фашисттерге” каршы биздин улутубуз согуш жүргүзүп жатканы тууралуу катаал эскертүү болуп турат”.

Айтмакчы, АКШ президенти бул чуулгандуу терминди ушуну менен экинчи ирет колдонуп жатат. Былтыр октябрда ал “исламчыл радикалдар” деген термин да, “исламдык фашизм” термини да адистер тарабынан колдонулуп жүрөт деп учкай айтып өткөн.

АКШ мамлекет башчысынын бейшембидеги сөзүн мусулман өлкөлөрдүн калкы таназарга албай койгон жок. Пакистандын ордо шаары Исламабадда жайгашкан “Аусаф” гезити бул сөз жалпы эле мусулман жамаатына каршы айтылган акаарат сөз болду деп жума күнү (11-августта) жазып чыкты.

АКШнын өзүндө болсо Америкалык-Исламдык Мамилелер Кеңеши аттуу уюмдун аткаруучу мүдүрү Нихад Авад бул терминди колдонуу – президентке туура эмес айтылган кеңештин кесепетинен болду, ислам менен фашизмди айкалыштыруу терс натыйжага кириптер кылчу терең жаңылыштык деп чыкты.

Айтмакчы, соңку жылдарда эле пайда болгон “исламдык фашизм” термини – неологизмге жатат. Аны колдонууга барган Батыш адистери тээ ХХ кылымдын башындагы фашисттик уюмдар менен исламга жамынган айрым экстремисттик уюмдардын бир окшоштугун, тагыраак айтканда, алар коомго таңуулагысы келген тоталитардык көз карашты белгилешет. Тоталитардык көз караш болсо кайчы пикирге, атаандаш көз карашы бар замандаш менен тынчтыкта жанаша жашоого орун бербестиги айкын.

Эми бул сөздү колдонуп жүргөн адистердин пикирин уксак. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Коопсуздук Саясатын иликтөө Борборунун жетекчиси Фрэнк Гафни (Frank Gaffney) “исламдык фашизм” терминин Экинчи дүйнөлүк согуштун ирегесинде АКШ кандай коркунучка кабылса, ошого тете коркунуч азыр да ирегеде турганын баса белгилөө үчүн колдонуп жатканын “Азаттыкка” мындайча билдирди:

- Мен башка да кесиптештерим менен бирге китеп жаздым. Ал “Согуш пайдубалы: Эркин Дүйнө үчүн согушта жеңип чыгуу үчүн Америка жасашы керек болгон он кадам” деп аталат. Бул китеп дүйнө эркиндиги үчүн согуш жүрүп жатканын сыпаттоого аракет кылат. Тээ өтмүш кезеңдегидей эле, биз бүгүн да тоталитардык идеология менен, биз “исламдык фашизм” деп атаган идеология менен тирешип турабыз. Бул кас душманга каршы күрөшүү анын маңызын түшүнүүнү да талап кылат. Ал, диний жамынчыга жашырынып, өз турпаты тууралуу кишилерди чаташтырганына карабастан, табиятынан эле идеологиялык мүнөзгө эгедер.

Бирок “исламдык фашизм” терминин колдонуу ылайыксыз экенин айтып чыккан адистер Батышта да аз эмес.

Алардын бири – Мичиган университетинин профессору, чыгыш таануучу Хуан Коул (Juan Cole) бул термин акаарат кылуучу мүнөзгө ээ жана саясат менен динди чаташтырууга алып келет деп сындап чыкты.

Кыргыз улуттук университетинин профессору, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги академиясынын мурдагы проректору, саясат таануучу Аалыбек Акунов “Азаттыкка” курган маегинде бул терминди колдонуу саясатчылар үчүн опурталдуу экенин мындайча белгилейт:

- Ал эми исламдык фашизм деген – бул ушундай бир ХХ кылымдын чумасы болгон идеологияны дүйнөдөгү кеңири тараган үч диндин бирөөнө ушундай кошумча айтуу, ошого жабыштыруу – бул өтө жоопкерчиликтүү нерсе. Ошондуктан мындай терминди кийиргенде абдан жоопкерчиликтүү болуш керек го деп ойлойм. Ал эми ушул терминди айтуу менен (Буш) кандай маани бергендиги бизге азырынча белгилүү боло элек.

Ал эми лондондук саясат таануучу адис, “Жейн Маалымат Тобу” (Jane's Information Group) аттуу иликтөө борборунун өкүлү Чарлз Хэйман болсо “исламдык фашизм” термини аны колдонгондорду кесепетке кириптер кылат ко деп чочулайт:

- Ушул тапта сиз калкыңыздын ичиндеги ар бир мусулман баласын өзүңүзгө тартууга муктажсыз. Алар сиздин чалгын үчүн эң мыкты булак. Көп сандаган жамаатка “исламдык фашист” жардыгын тагуу аларды каршылаш тарапка өтүүгө түртчү кесепетин тийгизиши мүмкүн.

Кыргыз саясат таануучуларынын бири, дин жана саясат тармагын иликтеген илимпоз Орозбек Молдалиев болсо диний аталышка “фашизм” сөзүн жабыштырууга таптакыр каршы:

- (Саясатчылар) бул террорчу уюмдарды фашизмге салыштырып айтышы мүмкүн, бирок бул сыяктуу исламга доо кетирүү саясий жетекчилерди эч убакта (актабайт), себеби дегенде, чынын алып келгенде, исламдын терроризмге эч тийешеси жок экендиги эчак эле далилденген нерсе.

Азырынча АКШнын Ак Үйү бул сыяктуу сын пикирлерге жооп узата элек.

Президент Буш террорго каршы күрөш исламга каршы согуш эмес экендигин бир нече ирет баса белгилегендиги да маалым.
XS
SM
MD
LG