Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

КАНАДАЛЫК АКТРИСА ЖАҢЫЛ МЫРЗАНЫН РОЛУН ОЙНОЙТ


Бишкектеги “Сахна” көчмө театры “Жаңыл” мырза спектаклин даярдоодо. Элдик дастандын негизинде алынган бул спектаклди Америкадан келген Вирлана Ткач аттуу режиссер сахналаштырууда.

Вирлана Ткач Америкадагагы белгилүү “Ля Мама” эксперименталдык театрынын алдында түзүлгөн Яра арт тобунун көркөм жетекчиси. Аталган топ атайын долбоорлорду жазып, чыгыш өлкөлөрүнүн театрлары менен иш алып барат. Буга чейин Украйинанын, Монголиянын, Кытайдын жана башка мамлекеттердин театрлары менен кызматташып, бир катар спектаклдерди жаратышкан. Ал мындан бир жарым жыл мурда Бишкекке келип, кыргыз театрлары менен таанышып, “Сахна” театрын жактырып кеткен.

-Мен Кыргызстанга март айында келдим. Бирок буга чейин өлкө жөнүндө кабарым бар болчу. Анан бир катар театрлар менен таанышып, спектаклдерин көрдүм. Бирок алардын арасынан мага жакканы “Сахна” театры болду. Мен алардын “Керээз” жана “Курманбек” спектаклдерин көрдүм да, аталган театр менен иштешем деп чечтим,-дейт Вирлана Ткач.

Андан соң Вирлана Ткач кыргыз элинин эпостору менен таанышып чыгып, Жаңыл мырза дастанын сахналаштырууну максат кылып чыгарманын текстин англис тилине которткон. Режиссер алгач театрдын артистери менен биргеликте эпосто сүрөттөлгөн окуялар өткөн аймактарды кыдырып келген. Башкача айтканда Ат-Башыда болушуп, Жаңыл мырза жүргөн жерлер менен таанышып чыгышкан.

Бул спектаклди жаратуу үчүн америкалык режиссердон тышкары Япониядан да адис келген. Аталган өлкөдөн келген Шигейка айым артистерге пластика боюнча сабак өтүүдө. Спектаклдин бирден бир өзгөчөлүгү эки тилде болот, башкача айтканда Жаңыл мырзанын ролун эки актер жаратат. Мисалы кыргыз тилиндеги образды “Сахна” театрынын актрисасы Кенже Сатыбалдиева ойносо, англис тилинде Канадан келген Юнис аттуу актриса ойнойт.

Юнис айым болсо Кыргызстанга биринчи жолу келиптир:-Мен бул жактан өмүрүмдө көрбөгөн нерселерди көрдүм. Мисалы жайлоо, боз үй, жылкы, койлорду көрүп, башка дүйнөдө жүргөндөй эле болдум. Ал эми Жаңыл мырза дастаны мага аябай жакты. Мына ушундай баатыр аялдын ролун аткарып жатканыма абдан кубанычтамын.

Келгенине аз убакыт болгонуна карабастан Юнис айым кыргыз тилин да үйрөнө баштаптыр.

-Азыр мен Юниске кыргыз тилин үйрөтүп жатам. Ал кыргызча аз-аздан сүйлөп, ырдаганга аракет кылып жатат.

Спектаклдин премьерасы Кыргызстанда өткөндөн кийин Америкада болмокчу. Андыктан кыш айларында “Сахна” театрынын артисттери аталган өлкөгө сапар алышат. Ал жактан тил үйрөнүшүп, спектаклди англис тилинде даярдашат.

- Кыргыз театрларынан бир да театр Америкада спектакль көрсөткөн эмес, андыктан бул биз үчүн чоң сыноо,- дейт театрдын актрисасы Кенже Сатыбалдиева.

Америкадан келгенден кийин артистер Жаңыл мырза спектаклин Ат-Башы өрөөнүнүн тургундарына тартуулоону ниет кылышууда.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG