1916-жылдын бу күнү көтөрүлүш чыгарган кыргыздар Токмок шаарын алуу максатында калаага тынымсыз чабуул коюп турушту. Ыктыярдуу адамдарды кошкондо 520 адам чамалуу орустардын жазалоочу отряды 10 күн бою уланып турган кыргыздардын кысымына каршы күрөшүп турушкан. Токмок шаарын алыш үчүн Ысыката, Шамшы, Бурана, Тынай, Болот, Нурмамбет, Байсеит, Шамурсин, Кочкор, Абайылда, Жумгал жана Курманкожо болуштуктарынын калкы катышкан. Алардан топтолгон адамдардын саны миң чамалап, алар шаарды ээлеш үчүн болгон күчүн жумшашкан.
1916-жылдын бу күнү Шамшы, Бурана, Нурмамбет, Байсеит болуштуктарынан чогулган 5 000 чамалуу кыргыздар 28 желекке бөлүнүп Токмок жана Покровка кыштактарын айланып өтүшкөн. Кыргыздар бу күнү таңкы саат 9дан баштап, бешимге чейин шаарда бекинген аскерлерге үзгүлтүксүз чабуул коюп турушкан. Шаар жана кыштактарды коргогон орус аскерлери согушкан жеринен кетпестен турган жеринде түнөшүп, ошол жерден тамактанышкан.
1916-жылдын бу күнү солтонун Бөлөкбай болуштугунун кыргыздары Ивановка волостунун кыштактарын талкалап, талап-тоношкондугу туурасында орус бийлигине кабар түшкөн. Ивановка кыштагынан 7 адам өлтүрүлүп, дыйкандар үй-жайын таштай качышкан.
1916-жылдын бу күнү Кочкордо 300 чамалуу адам Ак мойнок айлына келишип, ак боз бээ союшуп, шерт беришип Байзакты хан көтөрүшкөн. Алар Нарынды басып алыш үчүн аттанып жолдон аларга калган кыргыздар кошулуп отуруп козголгон адамдардын саны 2000 чамалаган. Байзак колду жүздүккө бөлүп, Кулмат, Мамыркан, Көккөз, Чуңкул, Балкыбектерди алардын башчылыгына койгон.
1930-жылдын бу күнү СССР Борбордук Аткаруу комитети менен Элдик комиссарлар кеңешинин Токтомуна ылайык өлкөдө 8-10 жаштан тарта «Жалпы милдеттүү баштапкы билим алуу» программасына киргизилди.
1937-жылдын 14-августунда Лоцманов И. П. Кыргыз ССР НКВДсынын наркому болуп дайындалган. Анын Кыргызстандагы «ишмердиги» репрессиянын туу чокусуна туш келген. Жалпы жонунан 7610 адам «эл душмандары» атыгып, алды атылып, алардын күбө сүргүнгө айдалып дайынсыз жоголгон.
2005-жылдын бу күнү Курманбек Бакиев расмий түрдө Кыргыз Республикасынын экинчи президенти атанды. «Ало Тоо» аянтында өткөрүлгөн салтанат аземде ага президенттик штандарт тапшырылып, президенттик төш белги тагылды.
Бу күнү, 1917-жылы Убактылуу өкмөттүн чечимине ылайык Николай Романов үйбүлөөсү менен Тобольскиге айдалып, 1777-жылы даниялык физик, электромагнетизм теориясын тапкан Ханс Кристиан Эрстед, 1867-жылы англис жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Джон Голсуорси жарык дүйнөгө келген.
Муратбек Кожобеков