Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:06

ҮРКҮНГӨ 90 ЖЫЛ : АКШЫЙРАК АШУУСУНДА КАНЧА АДАМ КЫРЫЛГАН ?


Мындан 90 жыл мурда Кытайга качып баратып кыргынга учураган кыргыздардын сөөгүн чогултуу максатында Акшыйрак ашуусуна барган экспедицияга кабарчыбыз Рита Нурмамбет кызы катышып келген.

Орус империясынын кысымынан Кытайга качып баратып Акөгүз ашуусунда калган сөөктөргө 14 атчан, 5 жөө адам алты саатта жетти.

- Бул жерде табылган баш, шыйрактар адамдардыкы - Анарбек Чынымов аттуу Акшыйрак айылынын тургуну адам сөөгү тунук болоорун кошумчалап, мөңгү үстүнөн табылган жыгач идиштери, куржун, бозүй саймаларынын бөлүктөрүн көрсөттү. Адамдын бир баш сөөгү бүтүн, ал эми төртөөнүн жарымы табылды. Бирок үйүлүп аткан малдын сөөгүнөн бул жерде чоң көч өткөнүн тарыхчы Султан Абдрахманов тастыктап, табылган буюмдарды 19-кылымдын ортосу менен 20-кылымдын башына тиешелүү экенин белгиледи. Анын боолгосунда көпчүлүк адамдын сөөктөрү таш алдында калган:

- Бул жерде мөңгү менен аралашып таш агып түшөт экен. Ошол таштар көбүнчө адамдардын сөөктөрүн басып калганбы деп ойлойм.

5 миң метрден ашык бийиктикте көп жылдар бою эрибей жаткан мөңгүдөн жаш балдардын сөөктөрү жана 200дөн ашык малдын башын, ошондой эле булгаары, бут кийимдерди тапкан жергиликтүү эл муз үстүндө калган тирүү жан ачарчылыктан өлгөнүн жоромолдошот:

- 230 малдын башын санадык, ал эми үстүнө барганда кар басып калыптыр. Ошол жерде уйлардын, букалар өлгөндөрүн көрдүк - деди Өмүрбек Курманалиев.

Акөгүз ашуусунун чокусуна жеткендердин эң жашы Ысыккөл телеканалынын оператору Кытай чегарасына 8 чакырым гана жетпей каза тапкандар жаш балдар менен аялдар болушу мүмкүн дейт. Анткени мөңгүнүн ээриген капталын казганда адамдын жаш чүкөлөрү жана аялдардын кепичтери табылган:

- Жаш баланын кабыргасы бар экен. Ошондой эле жаңы чүкөнү таап алганда жаныбыздагы кишилер кадимкидей ыйлап ийди. Жапызырак жерине барсак төөлөрдүн сөөктөрү бар экен. Төөлөр тайгак болгондуктан биринчиден төөлөрдү союп, терисин музга чапташып, жаш балдар, аялдар төөлөрдүн терисинин үстүнөн өткөн дешет.

Акшыйрак экспедициялык тобундагы жашы жыйырмага чыга элек караколдук Стамбек Иманалиев сөөк чогултуп келатканда мөңгүдөн жеңил жаракат алды. Ошондуктан үчүнчү күнү баарыбыз бири-бирибизди түгөлдөп жүрүп отурдук.

Ошентип ашууга кеткендер адамдын баш сөөгүнөн бешти жана алардын жанынан табылган төөнүн эки каптай сөөктөрү менен буюмдарын Акшыйрак айылына көмүүгө алып келгенде, ага каршы чыккандар болду. Топ башы Дөөлөт Нусупов: - Адам болуп туруп биз буларды 90 жыл көмбөй койдук да, куран окутпай койдук - деп көз жашын түртүп, малдын сөөгүн дагы көмүүгө ынандырды.

Үчкошкон күмбөзүндө Үркүндө каза тапкандардын сөөгү кадимкидей ак кепинге оролуп куран түшүрүлдү.

Ак падыша аскери
Айылсыз кыргын салганы
Башына караан күн түшүп,
Кыргыз эл четте качканы
Аталар сөөгү көмүлбөй
90 жыл ашууда жатканын
Эч качан унутпагыла урпактар – деген саптар жазылган таш айкел орнотулду.

XS
SM
MD
LG