Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

ТҮРКМӨНСТАНДА УСТАЛАР, ШАХМАТЧЫЛАР ЖАНА УФОЛОГДОРГО ИШЕНИМ ЖОК


Түркмөнстандын президенти Сапармурад Ниязов бейөкмөт уюмдарга ашыкча ишенбөөчүлүк менен мамиле кылат. Өлкөдө саясатка кызыкпаган уюмдарга да бийликтер көп ишене бербейт. Ишенимден чыгып, Адилет министрлиги каттабай койгон уюмдарга Улуттук шахмат комитети, Усталардын улуттук бирикмеси кирет, деп айтылат башкеңсеси Лондондо жайгашкан Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу институту жарыялаган макалада.

Counterpart демилгеси 1997-жылы Түркмөнстанда өз кеңсесин ачканда 400дөн ашуун бейөкмөттүк уюмду каттаган. Counterpart - Кошмо Штаттардын эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) жарандык коомду колдоочу атайын долбоору.

Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу институнун маалымдашынча азыр Түркмөнстандагы өкмөттүк эмес уюмдардын саны жүзгө жетпейт. Алардын катарында Жаштар уюму, Аялдар союзу, Ит сүйүүчүлөр жана Төө сүйүүчүлөр коому сыяктуу өкмөтчүл уюмдар бар. Ал эми белгисиз учуучу обьекттерди изилдеген УФОлогдор коому, Жаратылышты коргоочулар жамааты, Агама тоого чыгуучулар жана балчылар клубу көзкарандысыз эсептелишкени менен бийликтин жетегинде.

Адилет министрлиги каттабай койгон Усталар бирикмесинин атын атабоону өтүнгөн мүчөсү :”Биз саясатка аралашпайбыз. Биз улуттук кол өнөрчүлүктү сактап, өлкөдөгү дөөлөт-мурастарды артырабыз”,-деп, аларга эмне үчүн уруксат берибегенин түшүнбөйт.

2003-жылдын аягында кабыл алынган мыйзам каттоодон өтпөгөн коомдук уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыйуу салат. Мыйзам Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму кийлигишип жатып, бир кыйла жеңилдетилсе да, көптөгөн жарандык уюмдар бюрократтык электен өтүшпөй, эшик сагалап жүрүшөт.

“Биз канча жолу өз ишмердүүлүгүздү мыйзамдаштыралы деп көрдүк. Анын эсебин жоготтук. Бир ирет үтүр жаңылыш коюлганын айтып, каттабай коюшту. Соңку жолу каттоо акысын төлөбөпсүңөр деген шылтоо айтышты”,-дейт Адам укугун коргоочу Аркадаг уюмунун мүчөсү.

Лебап аймагынын табиятты коргоочулары да ушундай машакатка кабылышкан. Бир жыл мурда Адилет министрлигинде аларга 1,5 миллион манат же 300 доллар каттоо акысын төлөп келгиле деп айтышкан. Болбосо, мыйзам боюнча алым катоодон өткөндөн кийин төлөнүш керек.

Мындай тоскоолдуктардан качып, кээ бир адам укугун коргоочу уюмдар коммерциялык ишкана катары катталууга аргасыз. Себеби, коммерциялык ишканалар жарандык уюмдардай катуу көзөмөлгө алынбайт. Андай уюмдардын бири-“Экошериктештик” айлана-чөйрөнү коргоого катар менежмент боюнча кеңеш берет. Бирок, ал - коммерциялык ишкана катары чет элдик уюмдардан жардам ала албайт.

Бейөкмөт уюмдарга ырасмий жыйын өткөрүү да татаал. ЭККУнун журналистер үчүн уюштурган семинары үч ирет токтотулуп, жыйын акыр аягында АКШнын элчилигинде өткөрүлгөн.

Counterpart демилгеси уюштурган ден соолук программасы коркунуч астында турат. Программа боюнча 12 топко грант берилген. Бирок, гранттын жеңүүчүлөрү бир нече айдан бери каттоодон өтө албай жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG