Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

16-АВГУСТ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1873-жылдын 16-августунда Өзгөндүн жанынан кокондуктар кыргыздарга кол салып, аларды чекесинен кырып башташкан. 1916-жылдын 16-августтунда кыргыз көтөрүлүшчүлөрү Нарын суусунун сол өйүзүндөгү Жан булак кыштагын басып алууга далалат жасашкан.

Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн кыргыздар 1873-жылдын жай айында акырындык менен өздөрүнүн жерлерине көчүп келе башташкан. Мамыр Мергенов баштаган 1700 түтүн кыргыздар Карагатты белине келип, хандык аскер башчы Абдурахман Афтобачинин талабына ылайык алардын бир даары Өзгөнгө түшкөн. 1873-жылдын 16-августунда Өзгөндүн жанынан аларга кокондуктар төрт тараптан капыстан кол салып, кыргыздарды чекесинен кырып башташкан. Кагылышта 40 кыргыз шейит учуп, 60 адам туткундалып, зынданга салынган. Кокондуктар 15 жоокерден айрылып, калган кыргыздар болсо, кайрадан Россия ээлигине качууга мажбур болушкан.

Жетисуу областындагы Пржевальск уездинин полковниги Ивановдун көрсөтмөсүнө ылайык кыргыздар Сазановка кыштагын камакка алууну улантышкан. Жер которгон дыйкандарды коргош үчүн урядник Овчинников баштаган атчандар отряды жиберилген. Кыргыздардын Сазановканы курчоосу узак убакытка уланып, кыштакты коргош үчүн орус бийлиги адам ресурстарын жана кошумча курал-жарактарды жумшоого мажбур болушкан.

Сазанвкалыктарга жардамга жиберилген орус аскерлери 16-августта Сазановка, Григорьевка жана жолдогу орус айылдарынын адамдарын Пржевальск шаарына чыгарып кетишкен.

1916-жылдын 16-августтунда кыргыз көтөрүлүшчүлөрү Нарын суусунун сол өйүзүндөгү Жан булак кыштагын басып алууга далалат жасашкан. Казыбек баштаган кыргыздар сууга киргенде 300 чамалуу солдат каршы чыкканын көрүшүп, Ак мойнокко артка чегинишкен.


Ушул эле күнү Нарындан Кочкорду карай 300дөй аскер чыгыптыр деген кабарды уккан кыргыздар өз айылдарына тарашкан. Тынымсейит уруусу 16-августтун түнү Каракужур аркылуу Кара каманга, андан Балгарт, андан Жаман эчки ашуусун ашып Тарагайга келишип, ал жерден Ак өгүз ашуусу аркылуу Аксууга киришкен. Кытайга качкан кыргыздар мал-мүлкүнөн ажырап, албан азап тартышкан.

1937-жылдын жаз айынан тарта Кыргызстанда идеологиялык террор башталып, акыры ал жалпы репрессия менен жыйынтыкталган. Республикалык гезиттерде -Джжанузаковщина», «Худайкуловщина», «Абдрахмановщина» сыяктуу макалалар жарык көрүп, анын натыйжасында улуттук интеллигенцияга каршы куугунтук башталган. Ушул жылдын 16-августтунда «Советская Киргизия» гезитинде обком комсомолдун секретары К. Камбаровдун «Выкорчевать до конца националистическую нечисть» аттуу макаласы аталган компаниянын бир бөлүгү эсептелинген.

Бу күнү, 1603-жылы немец тарыхчысы Адам Олеарий, 1811-жылы архелог жана археограф Петр Севастьянов, 1845-жылы француз физиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты түстүү сүрөт ыкмасын ойлоп тапкан Габриэль Липпман, 1904-жылы америкалык биохимик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Уэнделл Стэнли, 1958-жылы америкалык попырчы Мадонна жарык дүйнөгө келсе, 1949-жылы атактуу америкалык жазуучу Маргарет Митчелл жарык дүйнө менен кош айтышкан.
XS
SM
MD
LG