Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

АЗИЯЛЫК ТАЙМАШТА 2 АЛТЫН, 5 КҮМҮШ, 3 КОЛО МЕДАЛЬ УТКАН КЫРГЫЗДАР


Тайланд өлкөсүнүн Бангкок шаарында өткөн грек-рим жана эркин күрөшү боюнча уландар арасында Азия чемпионатынан кыргызстандык балбандар 2 алтын, 5 күмүш, 3 коло медаль утуп алып, 16-августта, бүгүн эртең менен кыргыз жергесине жеңиш менен кайтып келишти.

Азиялык таймашта грек- рим күрөшүнөн кыргызстандык 10 балбан мөрөй талашты. 50 кг. салмакта кыргызстандык спорт чебери Арсен Эралиев түштүк кореялык, жапаниялык атаандаштарын артыкчылык менен жеңип, баш байге үчүн таймашта дагы ирандык балбанды утуп, Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды. Ал эми 76 кг. салмактагы күч сынашууда Азия чемпионатынын алтын медалын кыргызстандык Салават уулу Темирлан утуп алып, анын жеңишинин урматына обого Кыргыз туусу көтөрүлүп, Гимн ойнотулду.

Ошондой эле жеңил салмактарда кыргызстандык жаш балбандар Райымбеков, Жолчубеков, Алексей Ялома, 63 кг. салмакта Атай Койчукулов жана 100 кг. оор салмакта Мурат Ромонов бешөө бирдей күмүш байгени утуп алышты. Ошондой эле 69 кг салмактагы бишкектик Султан Мухтаров коло медалдын ээси болду. Жалпы командалык эсепте Иран өлкөсү- биринчи, Кыргызстан- экинчи жана Казакстан- үчүнчү орундарды камсыз кылышты. Бангкокто мөрөй алышкан жаш балбандар келечекте эл аралык аренада кыргызстанды дагы таанытууга жана болочок олимпиадачылар экенин өлкөнүн грек- рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Алмаз Касенов белгиледи.

Ошондой эле Бангкокто өткөн эркин күрөштөн Азиялык чемпионатта кыргызстандык балбандар 2 коло медаль утуп, өздөрү каалаган ийгиликтерди жарата албай арманда келишти.

Жаш балбандар алтын байгеге жетпей өкүттө калганы менен жакшы ийгилик жаратканын, эл аралык мелдештерге көп катышпай тажрыйбасыздык кылып апкаарып, сүрдөп калышканын Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын директору Касымкул Оңолбеков айтты. Мурда өлкөдө уландарга көңүл бөлүнбөй, анча маани берилбей келгенин, аларга шарт түзүп, камкордукка алууга аракеттери эми гана көрүлө баштаганын Касымкул мырза кошумчалады:

- Кыргызстанды жаш балбандар даңазалады. Биздин жаш балбандардан экөө Азия чемпионатында байгелүү үчүнчү орундарды камсыз кылышты. Жаштардын дагы күч сынашаар, намыс талашаар мелдештери али алдыда. Бул чоң спорттогу алгачкы гана ийгиликтери.

Эми кыргызстандык балбандар күзүндө Кытайда болчу дүйнө чемпионатына тандалма команда барышмакчы. Эң негизги таймашуу- декабрда Катардын Доха шаарында өтчү 15-Азия оюндарына азыртан даярдыктар көрүлүүдө. Келээрки жылы уландар арасындагы Азия биринчилиги Ташкентте өткөрүлмөк болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG