Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

ЛАТВИЯДА ЖАШАП АТКАН ОРУСТАР ТАРЫХЫЙ МЕКЕНИНЕ КӨЧҮП КЕЛҮҮДӨН КАЧЫШАТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусия чет элдерде жашап аткан мекендештерин көчүрүп келүү программасын келерки жылдан тартып баштамакчы болуп атат. Ал үчүн мамлекет бүжетинен каражат бөлүнүдө. Ал июнь айында президент Владимир Путиндин колу коюлган Указда көргөзүлгөн. Бирок орус улутундагы диаспора абдан көп жайгашкан Латвияда, маселен, андай программаны жактырышпай кабылдашкан. «Эркин Европа жана Азаттыктын» кабарчысы Клер Биг жакында бул маселе боюнча Латвиядагы орусиялык коомчулук арасында ар кыл маанай бар экендигин тактаган.

Өлкөдө калктын санын көбөйтүү максатта чукулку чет элдерде жүрүшкөн орустарды кайра тарыхый мекенине көчүрүп келүү программасы түзүлүп, анын биринчи саамалыгы кийинки жылы ишке ашырылмакчы. Июндун жакасында чыгарылган президенттин Указы ушуга байланыштуу болгон. Ал программада биринчи кезекте чет өлкөлөрдө жашап аткан орустарды мекенине келүүгө көөнү барбы жокпу иликтеп чыгуу жазылып турат. Экинчи кезекте көчүрүлүп келүүчүлөрдү кайсы аймактагы жетекчилер кабылдап, элине кошо алат – аны да иликтеп чыгуу жазылып турат. Ошол эки милдеттен кийин четтен келгендерди кабылдоо болот делинет. Ата-мекенине кайтып келгендерге социалдык жактан камкөрүү, аларга жөлөк пул берип туруп даярдалган журтка алып барып кондуруу болорун айтышат.

Орусиялык бийлик көтөрүп аткан демлге баарыдан мурда латыштык улутчулдар чырагына май тамызуу болгонун айтышат. Латвия Сейминин депутаты Александр Криштейнс, маселен:

«Өлкөдө 150 миңден 170 миңдей бейатуул кишилер бар. Алар латыш тилин билишпейт, саясий ишке катыштыгы жок. Ошондуктан бул программа алардын ыктыярдуу түрдө сый-сыпаты менен өлкөдөн чыгып кетишине шарт түзөт», - деп айткан.

Ал эми Латвияда жашап аткан орус улутундагы кишилердин пикирлери таңкалыштуу экени байкалган. Өзүн Евгений деп тааныштырган ригалык киши мындай программанын абдан керектигин белгилейт.

«Советтер союзу кыйраганга байланыштуу четте калган боордошторун мекенине көчүрүп алуу Орусиянын милдети. Биринчи кезекте аларды туракжай менен камсыз кылууну, эмгектенүүсү үчүн шарт түзүү, адамдык укугунун корголушу үчүн кам көрүү анын моюнунда болушу керек деп эсептейбиз», - деген. Бирок Путиндин четтен мекендештерин көчүрүп алуу программасынын чийки жери бар экенин да айткан:

«Жок, ал (программа – ММ) үзгүлтүккө учурайт экен, анда четтеги, алардын катарында Латвиядагы жүз миңдеген орустардын башына каран күн ошондо түшөт», - дейт Евгений мырза.

Совет тушунда Латвияда туулуп өскөн, азыр 18 жаштагы Ольга менен анын жигити 20 жаштагы Михаил үчүн алардын чыныгы мекени өздөрү туулуп өскөн Рига калаасы экен:

«Ал жакта бизди ким күтүп атыптыр? – дейт Ольга.
-Ал жакта биздин керегибиз кимге тийет экен? – дейт Михаил. – Биз өз өлкөбүздү, өз калаабызды жактырабыз.
-Кандай дегенде да Латвия - биздин мекен», - дейт Ольга.

Латвиянын атуулдугун ала албай жүргөндөр уюмун жетектеген Сергей Журавлев:

«Мен өзүмдү балтикалык орусмун дейм. Мен бул жерде өз үйүмдөмүн. Ал эми Орусияга барсам анда башыма канчалаган түйшүк түшөрүн жакшы билем», - деген.

XS
SM
MD
LG