Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

БРИТАН МУСУЛМАН ЖАШТАРЫ ЭМНЕ ҮЧҮН КАЗАВАТТЫ ТАНДАШАТ?


Өткөн жумада Британиядан Кошмо Штаттарга учуучу 10 учакты жардырмак болду деп шектелген террорчу топтун кармалганы, айрыкча кутумдун негизги мүчөлөрү жергиликтүү мусулмандар экени британдарды катуу чочутту. Былтыр июлда Лондондо болгон жардырууларды да пакистандыктар жамаатынан чыккан британ жарандары уюштурган эле. Ушундан улам: Британияда туулуп, чоңойгон мусулмандардын ыйык казаваттын желдети болуусуна эмне түрткү болду? деген суроо коомчулукту кыжалатка салууда.

Айрым мусулман талдоочулар британияда киндиги кесилген мусулман жаштары террорчулукту жакырчылык жана теңсиздиктин айынан тандап алышкан дешет. Алардын бири –Британ парламентинин мүчөсү, Мусулман институтунун мүдүрү -Гыязуддин Сыдыки:

-Өкмөт эбегейсиз социалдык ажырымга каршы күрөшүш керек. Эгерде эч нерсе жасалбаса, өз маалесинен чыкпаган мусулман жаштары мындай жагдайда айрым демагогияга жетеленип кетет.

Терризм идеологиясынын тамырлашы социлдык-экономикалык жагдайга байланыштуу деген кепке бардык эле серепчилер ынанышпайт.

Пол Вилькинсон –Ыйык Андрью университетинин алдындагы терроризмди жана саясый кагылышууларды изилдөө борборунун башчысы.

- Менимче, былтыр 7-июлда болгон бомба чабуулу сыяктуу эле азыркы окуянын башатында социалдык-экономикалык проблемалар жатпаган же олуттуу түрткү болгон эмес. Алар ал-Каиданын идеологиясына жетеленип, бул аракети менен дүйнөлүк казатка өз салымын кошобуз деп ишенишкен сыяктуу.

Вилькинсондун айтымында, Лондондогу былтыркы бомба чабуулдарын жасаган жанкечтилер өзүнө ток үй-бүлөдөн чыккандар жана өткөн жумада террорчу деп шектелип кармалган 24 азаматтын кээ бирлери айлыктуу кесиптин ээлери болушкан.

Кээ бир британ мусулмандары жана алардын уюмдары, өлкөдө террорчулуктун жайылышына британ өкмөтүнүн тышкы саясаты өбөлгө болууда дешип, тышкы саясатты өзгөрүүгө чакырган кат менен 12-августта премьер-министр Тони Блэрге кайрылышты.
Британиядагы мусулмандар кеңешинин төрагасы Ибрагим Можра болсо өкмөттүн айрым өлкөлөргө карата кош стандарт саясат жүргүзгөнүнө мусулман жаштар өтө нааразы экенин белгилейт.

Талдоочулардин бир жааты экстремизмдин пайда болушун көпчүлүк пакистандык жана бангладештик иммигранттардын коомго камыр-жумур аралашпай, исламды бирден бир чындык катары чечмелөөсү менен түшүндүрүшөт.

Лондондогу Араб-Иран изилдөөлөр борборунун башчысы Алиреза Нуризаде мусулман жаштарын террорчулукка жакырчылык, коомдогу ажырым түртүүдө дегенге макул эмес:

-Бул бардык эмес, кээ бир гана мусулмандардын маданий проблемасы деп ойлойм. Алар жакыр, коомдо бөлүп-жаруучулук бар экенине мен ишенбейм. Жок, муну биз мусулмандар өздөрүбүз ойлоп табуудабыз. Мени эч ким Брэфордго барып жаша деп мажбурлаган жок.

Брэдфорддин негизги калкы мусулмандар.

XS
SM
MD
LG