Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

ТАТАРСТАН АРАКТАН КИРЕШЕ ТАБУУ ҮЧҮН ПОЧТО КЕНСЕЛЕРИНИН САНЫН АРТТЫРУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда июлдун башынан тартып ЕГАИС (Биргелешкен мамлекеттик автоматташтырылган маалымат системасы) ишке кирген. Анын жардамы менен бийлик өлкөдөгү алкоголдун кирешесин баштан аяк көзөмөлгө алмак болууда. Бирок анын натыйжасында дүкөндөрдөн сапаттуу арак – шараптар жоголду дешет. Татарстанда ичимдик кризисинен пайдаланып почто кенселеринде арак сата баштаган. Муну мамлекеттик ык менен акча табуунун жаңы жолу деп аташууда. Ошондон улам Татарстан жумуриятында почта тармагы элет жердеги тургундарды азык-түлүк менен камсыз кылууну моюнуна алып аткандыгын «Эркин Европа жана Азаттыктын» кабарчысы Роберт Парасюк далилдейт.

Үстүдө жайдан тартып Татарстанда элет жердеги почто кенселеринде арак сатыла баштаган. Бирок алардын эшиктери июль айынан тартып кулпталуу, текчелери бош калган. Алкогол ичимдигине жаңы уруксат алып соода жүргүзүү тартиби киргизгенден улам ушундай жагдай келип чыккан.

Ал туурасында Татарстан жумуриятынын алкоголду көзөмөлдөө башкармасынын жетекчисине орун басар Рүстөм Арсланов мындайча ой бөлүшөт:

«Айыл-кыштактарда ичимдиктин тартыштыгы аны жашырып сатууга алып келет. Ошондуктан ал жакта ортолук дүкөндөр болгону жакшы. Андай көк дүкөндөрдү ачууга мүмкүнчүлүгүбүз бар деп бизге мамлекеттик «Татарстан почтасы» компаниясы кайрылды. Андай сунуш бизден колдоо тапты», - деген Арсланов мырза.

Татарстанда алыскы айыл-кыштактарда ичимдикке берилүү канчалаган эрди бөйдө өлүмгө дуушар кылып атканы да айтылат. Эл арасында арактын мөлтүр алтын атка конгону айтылат. Аны менен соода жүргүзүү адат болуп баратканы дайын болот.

«Эркин Европа жана Азаттыктын» татар-башкыр кызматынын редактору Алсу Курмашеванын болжолунда азыркы тушта мындай адат системага айланган.

«Кыйладан бери арактын акча ордуна жүрүшү адаттуу көрүнүш болуп калды. Ал акча эмес экени ырас, бирок элеттик татарлар үчүн ал ошончо эле аз пул эмес. Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар кандай иш жазабасын акысына арак алышат. Бирөөнүн багын сугарабы, чөбүн чаап, тамынын чатырын оңдойбу – акысына арак төлөө адат. Ошондуктан, айыркча жаштар, иштеген жумушу үчүн арак акы алганга көнүп кеткен», - дейт Алсу айым.

«Татарстан почтасы» кенселерин кеңейтип аларды арак сатчу да жай кылуу июл айына чейинки эсепте, элеттеги азык-түлүк боюнча соода тармагынын жарымына жетчү экен. Ал мамлекеттик уюмдун башкы деректири Ольга Кузнецова дүкөндөр мындан да арта тургандыгын айтат:

«Бизде бардыгы 58 дүкөн бар. Анын 24үндө алкогол ичимдиги сатылат. Ал жерлерде бир эле ичимдик эмес сүт, нан, ичимдик, иши кылып баары сатылат», - дейт «Татарстан почтасы» компаниясынын жетекчиси.

Почто кенселериндеги соода жүргүзүүнүн шарты узактан бери жүргөндүктөн анын сатып алуучулар алдында сыноодон өтүп болгонун айтышат. Ошондуктан бийлик ичимдик сатчу андай дүкөндөр эсебин 1058ге жеткирет дешет. Почто кенселеринде сатылчу товарлар такыр мамлекеттин карамагында болгондуктан алардын ичимдиги кошулмасы жок накта куюлган ичимдик болот дешет.

XS
SM
MD
LG