Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

ЖЫЛ САЙЫН 3 МЛН СОМДУК ЖОЛ БЕЛГИ ЖОГОЛОТ


Кыргызстанда жыл сайын үч миллион сомдон ашык нарктагы жолбелгилер жоголот. Кымбат экенине карабастан, алардын көпчүлүгү арзыбаган акчага металл катары тапшырылат да, Кытайга жөнөтүлөт. Натыйжада ошол жолбелги уурдагандарга каршы чындап күрөш ачуу зарылдыгы келип чыгууда.

Автокырсыктарды болтурбоо үчүн коюлган жолбелгилердин жарымына жакыны Бишкек-Ош автожолунда жоголот экен.

Ага байланыштуу Бишкек-Ош автожолу мамлекеттик дирекциясынын башкы деректири Жамшитбек Калилов "Азаттык үналгысына" буларды айтып берди:

- Көп учурда жолдогу белгилерди уурдап кетишет. Андыктан биз жазында, жайында, күзүндө жолбелгилерди жаңылап турууга аргасыз болобуз. Бишкек-Ош автожолу дирекциясындай дагы 8 башкармалык бар. А бизде эле жыл сайын 1,5 миллион сомго жакын каражат жумшалат жолбелгилер үчүн.

Бишкек-Ош канжолу жаңы типтеги, эл аралык үлгүдөгү жол болгондуктан кымбат жолбелгилер коюлат. Дат баспай турган металлдар керектелет. Ага автомобилдин жарыгы тийгенде чагылыша турган кымбат плёнкалар чапталат.

Бишкек-Ош жолунун айрыкча Суусамыр өрөөнүндө жолбелгилер көп уурдалат. Суусамырда Талас, Чүй, Жалалабат облустарынын эли чогуу жайлайт эмеспи.

Ал эми жолбелгилердин уурдалышы боюнча Бишкек-Ош жолунан кийин Бишкек-Ысыккөл жолу турат.

Республикалык МАИ башкармасынын начальник орунбасары Калысбек Темиров жолбелгилерди уурдоо МАИ бекеттерин эл-журттун талабы боюнча кыскарткандан кийин айрыкча күчөп баратат деген ойдо:

- Ал бекеттер МАИ кызматкерлери жолдугата текшерип, айдоочуларды жүдөтүп бүттү, акчаларын туура келсе да, туура келбесе да шылып атат деген дооматтардан улам кыскартылган. Эми ээнирээк жердин баарында эле жолбелгилерди чыгарып-уурдап кетип жатышат. Же ар бирин кайтарып олтура албайт экенбиз. Түз эле металломго тапшырышууда аларды.

Айдоочу Кыялбек Үтүров адам өмүрлөрүн сактоочу жолбелгилердин кайсыл жакка кетип жатканын билсе да билмексен болгон азыркы коомубузга, мамлекетибизге нааразы.

Ал эми республикалык МАИ башкармасынын башчысынын орунбасары Калысбек Темиров металл иретинде тапшырылып кетип аткан жолбелгилерди МАИ кызматкерлери көзөмөлдөй албастыгын мойнуна алат.

Биринчиден, мындай вазипа аларга жүктөлгөн эмес, экинчиден, уурдагандар жолбелгилерди ошол бойдон тапшырбайт, таанылгыс кылып уруп-былчыйтып салышат.

Советтер Биримдиги убагындагы жолбелгилер бетон менен ширетилип, алигиче чыгарылбай, уурдалбай тургандыгы да ырас. Ал тажрыйбадан мурун метал тапшырчулар менен кабыл алчуларга мыйзамдык катуу талап коюлмайынча жолбелгилерди уурдоо токтобостугун эскерткендер арбын.

Жолбелгинин жоголушу менен жол коопсуздугуна олуттуу коркунуч түзүлүп жатканын, ал коркунуч канжолдогу ар кимдин эле жакынын астыртан күтүшү мүмкүн экенин "металл саткычтарга" жеткирүү үчүн коомчулуктун да салымы күтүлөт, дешет МАИнин өкүлдөрү.

XS
SM
MD
LG