Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

ЖАШТАРДЫН УКУГУ ЖАБЫРКАП ЖАТАТ, ЖАНДУУ АРАКЕТ КЕРЕК


Кыргызстандын бир катар өкмөттүк эмес уюмдары жаштарга байланышкан маселелер унутта калып, андан келип чыккан кесепеттер коомдун ырбаган илдетине айланып баратканын айтып коңгуроо кагышууда. Азыркы бийликтин атка минерлери жаштардын көйгөйлөрүнө чындап эле көңүл бурулбай калганын моюнга алып, атуулдук коом өкүлдөрүн биргелешип иштөөгө чакырууда.

Өкмөттүк эмес уюмдардын анализдеринде Кыргызстанда кошуна өлкөлөргө караганда акыркы жылдарда демократия шартында, анын негизги принциптеринин бири - адам укугу багытында алдыга жылган аракеттери болгону менен жаштардын укугун коргоо жагы эстен чыгып калганы айтылат. Көп учурда расмий бийлик аялдар, ардагерлер, аскер адамдары жана башкалар жөнүндө көбүрөөк кеп кылып, жаштар, анын ичинде өспүрүмдөрдүн укуктары унутта калып жатканын белгилешет.

«Перемена» иновациялык билим берүү борборунун директору Алмаз Тажибай Кыргызстан кошуна өлкөлөрдөй жаратылыш байлыктарына чирене албагандан кийин адам ресурстарын натыйжалуу пайдалануу зарыл деп эсептейт. Анын пикиринде жогорку, атайын орто окуу жайларынын миңдеген бүтүрүүчүлөрү жумушсуздук армиясына кошулуп, Конституция берген эмгек кылуу укугунан ажырагандан кийин кылмыштуу же башка терс көрүнүштөргө аралышып кетүүдө.


-
Негизги көйгөй көп жаштар окуу жайларын бүткөндөн кийин жумушсуз калышат, иш тапбай калгандыктан ар кандай иштерге барып жатышат, - дейт Алмаз Тажибай.

Кыргызстанда акыркы бир жарым жыл аралыгында өз укуктарын талашкан жаштардын уюмдары көбөйүүдө. Алардын баамында чоңдор же бийлик өкүлдөрү администратидик ресурстар аркылуу жаштарды саясий акцияларга, шайлоолорго мыйзамсыз пайдаланышат. «Келкел» уюмунун мүчөсү Айжамал студенттерди шайлоо учурунда мугалимдер тарабынан кимдир бирөөгө добуш бергиле деп кыйнаган, сабакты токтотуп коюп көчөгө, аянтка алып чыгып, жаштардын укугун одоно бузган учурлар аз эмес экендигин айтат:


-
Жазында сабакта отурсак токтотуп коюп, азыр силер көчөгө, аянтка барасыңар дешти. Биз бул жакка аянтка чыгалы деп келген эмесбиз, окуйлу деп келгенбиз да, - дейт Айжамал.

Айжамал ошол эле учурда жаштар өз укуктарын талашууда кайдыгерлигин, пассивдүүлүгүн көрсөтүп жатышканын да жашырбайт:

-
Көпчүлүк жаштар өз укугун коргогондон коркушат, корпогондорун чоң адамдар басынтышат.

Жаштардын «Эркин муун» уюмунун координатору Мирсулжан Намазалиев азыркы бийлик өлкөнүн саясий-коомдук, башкаруу чөйрөсүнө жаштарды тартпагандыгын, революция болду дегенибиз менен бийлик тепкичтеринде дагы эле коммунисттик доордогу жетекчилер отурганын сынга алат:


-
Саясатта жаштардын орду бош, өзүнчө ваакум бар. Өкмөттө, Жогорку Кеңеште болсун иштеген жаштар аз. Көпчүлүгү коммунисттик доордо иштеген кишилер дагы эле отурушат, - дейт Мирсулжан Намазалиев.

Азыркы бийлик өкүлдөрү жаштар коюп жаткан сындарды четке кага алышпайт. Тескерисинче, жаштар арасындагы укуктун бузулушу, жумушсуздук, кылмыштуулук, сойкулук, бангилик сыяктуу толгон проблемаларды өкмөт өз алдынча чече албай тургандыгын моюндарына алышат. Президентке караштуу адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун өлкөнүн келечегин ойлосок жаштарга байланыштуу проблемаларды комплекстүү карап, мамлекеттик бийлик бардык кызыкдар тараптар менен бирге атайын Программа иштеп чыгып, аны турмушка ашырууда Президент башында турушу керек деп эсептейт:

-Азыр мурдагы муундар улам карып баратат, өзүбүздүн ордубузду жаштар менен толукташыбыз керек эле. Ушул жагынан азыркы бийлик жакшы көңүл бура албай жатабыз, - дейт Турсунбек мырза.


Бакыт Орунбеков, Бишкек

XS
SM
MD
LG