Ооганстандын Пактика провинциясында полициянын 12 кызматкери набыт болду. Аларга эл аралык коалициянын учагы адашып бомба таштаган. Ооган президент Хамид Карзай бул окуяга ачуулангандыгын жашырган жок, американын аскерий командачылыгы иликтеп чыгууну убада кылды. Ал эми Кандагарда качкындар лагерине бараткан автобуска согушчандар кол салып, 15 дарыгерди туткунга алышкан. Алардын тагдыры аликүнчө белгисиз.