Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

ЯНУКОВИЧ ГАЗ БОЮНЧА ОРУСИЯ МЕНЕН ТИЛ ТАБЫША АЛДЫБЫ?

Украинанын өкүмөт башчысы Виктор Янукович кечээ газдын баасын 2006-жыл бою төлөп келе жаткан калыбында калмак болду деп айтты. Ал андай макулдашуу Сочиде орусиялык өкүмөт башчы Михаил Фрадков менен бетме-бет олтуруп сүйлөшкөндөн кийин такталганын билдирди. Бирок Украинанын 2007-жылы Орусиядан алып жакчу газынын баасы бычыла электигин жана анын кийинкиге жылгандыгын айтты. «Эркин Европа жана Азаттыктын» кызматкери Жан Максимюк жазаган анализдин мазмуну менен кабарчыбыз Муса Мураталиев тааныштырат.

Евразес бейрасмий саммити өтүп атканда ага көз салуучу болуп келген Украинанын жаңы өкүмөт башчысы Виктор Януковичти Орусиянын жетекчилери Владимир Путин менен Михаил Фрадков кабылдашты. Украиндик жетекчи Сочиге аттанар алдында анын аракети орусиялык көгүлтүр отундун баасын арзандатуу, а жок экен, анда аны азыркы турган чегинен кымбаттатпоо болгонун айткан. Ушул убаданы эске алганда анда ат арытып алыстан келген конок орусиялык тарап менен тил табышып кайткандай. Журналисттер алдында Украинанын премьер-министри газдын баасы турасында мындай айткан:

«Базарлык баага токтодук. Ал Украина менен Орусиянын экономикалык алакасындагы деңгээлге дал келип туруучу болот», - деген Виктор Янукович.

Үстүдөгү, 2006-жылы Орусия жиберип аткан көгүлтүр отундун ар бир 1000 куб метри үчүн Украина 95 доллардан акы төлөйт. Чындыгында «Газпром» көгүлтүр отунга койгон баа ар бир 1000 куб метр үчүн 230 доллардан. Бирок Киев Ашгабаддан да көгүлтүр отун алып жаккандыктан жана түркмөн газы ар бир 1000 куб метри үчүн 65 доллардан акы алгандыктан аларды аралаштыра эсептегенде украиналыктар жакчу көгүлтүр отун 95 доллардан айланат.

Сочиде жолугушуудан соң Михаил Фрадков мамлекеттер арасында келечекте кандай алака болуу керек кебин козгогон:

«Биздин өлкөлөрдүн газ жана башка тармактарындагы кызматташунун келечегине жол ачууну тактап чыгуу зарыл», - деген орусиялык өкүмөт башчы.

Украиналык эксперт Владимир Сапрыкин пикири боюнча Януковичтин бейрасмий өтүп аткан саммитке барып алар менен табакташ болуп кайтышы анча үзүрдүү болгон эмес.

«Иш сапары кандайдыр бир кагазга кол коюшуу болуп таркаганда жакшы. Сочиде эч кандай документке кол коюшуу болгон жок. Ал эми жетекчилер айткан жарыялар зыкым болду. Ошондуктан үстүдө жылда төлөп келе жаткан көгүлтүр отун акысын чынында эле өзгөргөн экен дешке ишеним жок», - деген киевдик анализчи Сапрыкин.

Дагы бир башка кепте 2007-жылы Украинага жөнөтүлүүчү көгүлтүр отун маселеси жангыз эле экономика эмес, башка да чөйрөнү кучагына алат. Ал канте да буга дейре көп кайталанып келе жаткан эки мамлекет калкынын саясий, тарыхый, тил, маданий алакаларына карап чечилип калчудай делинет.

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы
Куржундар
XS
SM
MD
LG