Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

ПУТИН «МЕКЕНДЕШ» ДЕП КИМДИ АЙТТЫ? ТИЛДИ АБАЙЛАБАСАК ТИБИРТКЕ ЧЫГАТ!


«Жаңы кылым»

Кыргызстанда иштөөсүнө мамлекет тарабынан тыйуу салынган «Хиз-б-ут Тахрир» уюмунун активисттери Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облустук бөлүмүнө өз ык-
тыярлары менен келип колго түшүп берип атканын, ошондойлордун бири, өткөн текшерүү учурунда үйүнөн ок атуучу куралдар,гранаталар менен Халифат орнотууга үндөгөн адабияттар табылган «Босс» деген эрчиме ысымы бар адам кармалганын жазды.
Ушул эле гезит кызмат убагында 300 АКШ долларын пара катары алып жаткан же-
ринен Бишкек шаардык сотунун судьясы кармалганын, азыркы күндө ага кылмыш иши козголуп, тергелип аткандыгын кабарлаган.

«В конце недели»
Бишкектик Н.Е.Красов аттуу мектеп мугалиминин каты жарыяланып, анда президент
К.Бакиевдин мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу буйругунун бул күндө
кандай аткарылып аткандыгы тууралуу сөз болот.Красов мырза ушул тапта шаардын 43
мектебинде деги эле ашкана аттуу деген жок экенин, жаңы окуу жылы башталарына саналуу күндөр калса дагы мектептерде жадагалса кол жууй турган жай жоктугун, мына
ушул сыяктуу кенебестиктин кесепетинен мектеп окуучуларынын арасында сарык оорусу
жыл санап көбөйүп баратканын, бир эле Свердлов районуна караштуу мектептерде жу-
гуштуу дартка чалдыккан балдардын саны 92 пайызга жетип барганын айткан.
«Кыргыз туусу»
«Кыргыз туусу» көптөн бери гезит ичиндеги гезитин «Россия бүгүн» деген ат менен чыгарып келе жатат. Ошол «кичи гезиттин» бүгүнкү санында «Үйбүлөңдү ал да, Россияга!» аттуу макала басылды. Анда мындан туура бир ай мурда орус президенти В.Путин чет өлкөлөрдөгү мекендештерин Орусияга кайтарып алуу программасына кол койгонун, ошондон баштап айрыкча КМШ өлкөлөрүндөгү орус тилдүүлөр түйүнчөктөрүн түйүп алып кетүүгө камданып олтургандыгы сөз болот. Ушул макалада орустар барган сайын азайып баратканын, аны сактап калуунун үч жолу бар экенин, андай жолдордун эң башкысы Орусияга мигранттарды тартуу керектигин баса белгилейт автор. «Президент Путин ушул жарлыгында «мекендеш» деген түшүнүктү атады эле, аны кандайча түшүн-
сөк болот?» деген суроого гезит «мекендеш» деп КМШ өлкөлөрүндөгү орус улутундагы-
ларды эле эмес, мурдагы СССР жарандарынын баарын атоого болот деп жооп берген.
«МСН»
Бардык кылмыш иштерине байланышкан соттук териштирүүлөргө мындан ары жалалабаттык адвокаттар катышпай тургандыктары жөнүндө чакан кабарын жарыя-
лады. Адвокаттардын мындай кескин аракеттерге баруусуна Жалалабат шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу камакта кармоочу жайындагы жарандардын укугунун
ар дайым бузулуп жаткандыгы себеп болгон дейт, гезит маалыматында.
«Эркин Тоо»
Гезитте жарык көргөн «Тилди абайлабасак тибиртке чыгат» аттуу макаласында белгилүү журналист Таалайбек Темиров чалмакейдин баарын мурдагы президент А.Акаев чалып кеткенин, ошонун кесепетинен Башмыйзамга орус тили расмий тил деп
жазылып калганын , бүгүн эми мамлекеттик тилге гана басым жасоого шарт да, мүмкүнчүлүк да келип жетти деп жазып чыкты.

Гезит ошону менен бирге эле президент Курманбек Бакиевдин «Ар бир кыргызстандыкка татыктуу жашоо!» деген китеби жарык көрүп, ал окурмандарга бекер таратылып жатканын, кечээ Бишкек шаарынын 1-Май райондук соту республиканын илим,билим жана жаштар саясаты боюнча министри Нур уулу Досболго Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп иштеп аткан Ырысбек Өмүркановду кызматынан алууга милдеттендиргенин ,ушул жылдын 5-сентябрынан 9-сентябрына чейин Бишкекте Дүйнө эпосторунун фестивалы өтөрүн, ага АКШ, Германия, Орусия, Иран өңдүү ири мамлекеттерден өкүлдөр келерин окууга болот.

Баяндаган Шайлообек Дүйшеев
XS
SM
MD
LG