Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:30

ТОКТОГУЛ СЫЙЛЫГЫНА КӨРСӨТҮЛГӨН “БАКЫТ ИЗДЕГЕН БАЛА”

Жазуучу Сулайман Рыспаевдин балдарга арналган “Бакыт издеген бала” аттуу китеби Токтогул мамлекеттик сыйлыгына Кыргыз билим берүү академиясынын жамааты тарабынан көрсөтүлүүдө.

Алгач Сулайман Рыспаевдин “Бакыт издеген бала” китебиндеги “Баарынан эмне сулуу?” деген чакан аңгемесинен үзүндү келтирели:

-Ойлончу, дүйнөдө баарынан эмне сулуу? Менимче баарынан кең дүйнөгө нурун чачкан Күн сулуу. Анан да Күн нуруна нурданган гүл сулуу. Жүзү гүлгө окшоп жадыраган бактылуу бөбөк да сулуу. Анан дагы жаш бөбөктү эмизип отурган бактылуу эне сулуу. Ооба, дүйнөдө сулуулар көп. Сарыооз жөжө да сулуу. Жөжөлөрүн жөжүрөтүп ээрчиткен күрпү кетелек эне тоок сулуу. Жаңы көзүн ачып балтаңдай баскан барык күчүк да сулуу көрүнөт. А бирок баарынан эмне сулу, билесиңерби бөбөктөр? Ошентсе да баарынан кичинекей бөбөк жана аны эркелетип отурган эне сулуу эмеспи? Кандай дейсиңер, балдар?

Жазуучу Сулайман Рыспаевдин 2003-жылы жарыкка чыккан “Бакыт издеген бала” китеби балдарга арналган аңгемелерден, жомоктордон жана элдик уламыштан алынган “Өмүр жөнүндө тамаша” деген жомок-пьесадан турат. Эми бакыт издеген бала бакытты канткенде табат болду экен? Ага жооп жазуучунун китебинде кандайча чечилгенин кыргыз билим берүү академиясынын кызматкери Батма Абдухамидова чечмеледи:

- Ким ак ниет, боорукер, тырышчаак, сергек, зирек, эмгекчил болсо, аны сөзсүз бакыт, ырыс-дөөлөт, ийгилик өзү издеп табаарына ишендирет чыгармасы аркылуу.

Бишкектеги улуттук гимназиялык мектептин мугалими Айгүл Батыркулова китептеги окуялардын кудум турмуштагыдай жандуулугун, элестүүлүгүн айтып, андагы аңгемелер бөбөктөрдүн акыл-сезимин, ой жүгүртүүсүн өстүрөөрүн айтты:

- Анын “Жылмайып турган таш”, “Сыйкырдуу жазуу”, “Мендей менен Сендейдин жоруктары” жана “Баланын канаты” аттуу аңгемелери ар бири табышмактуу аталышка ээ болушу менен дагы адамдын кызыгуусун арттырып турат. А чынында эле мындай суроо туулат: таш кантип жылмаят, таш да жылмаябы? Сыйкырдуу жазуу деген эмне? Мендей, Сендей деген да балдардын аттары болобу? – деген сыяктуу...

“Балага баланын тилинде акыл айт” делинет эмеспи... Белгилүү акын, балдар жазуучусу Байтемир Асаналиев Сулайман Рыспаевдин аңгемелеринин балдарга жетимдүү жөнөкөйлүгүн белгиледи:

- Сулайман айрым жазуучулардай болуп балдарга курулай акыл-насаат айтып, “андай бол, мындай бол” деген кургак акыл айтуудан алыс. Ал ошол чыгармаларында балдарды жакшы максаттарга умтулууга чыгармасындагы образ аркылуу, кичинекей кейипкерлеринин иштеген иштери, ой-кыялдары аркылуу чакырат.

Баланы балдар жөнүндөгү жандуу аңгемелер, жомоктор менен тааныштыруу – таасирлүү жана жетимдүү тарбия болот деген ойдо “Бакыт издеген баланын” автору жазуучу Сулайман Рыспаев:

- “Адабият” деген сөз өзү арабчадан оодарганда “жүрүм-турум эрежелери” дегенди туюнтат экен. Ошондо балдар адабиятынын эң негизги милдети – балдарды тарбиялоо, адам кылуу.

Фатима Абдалова
Куржундар
XS
SM
MD
LG