Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:37

Ошто өзбек качкындары: Валижон Бабажанов менен Сайдулла Шакиров жоголууда


БИШКЕК. «Адилет» укук коргоо борборунун жетекчиси Чолпон Жакыпованын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, алардын бирөөсүн 16-августта, бирөөсүн 17-августта өздөрүн милиция кызматкерлери деп тааныштырган адамдар жашаган жеринен алып чыгып кетишкен. «Бирок укук коргоо органдары бул окуяга тийешеси жоктугун айтып, издөө иштерин жүргүзөөрүн айтууда», дейт Чолпон Жакыпова. Анжиян окуясынан улам Ошко өтө качкан Валижон Бабажанов менен Сайдулла Шакировдун дайынсыз жоголуп кеткенин «Ош адилеттүүлүгү» уюмунан да тастыкташты. Адам укуктары боюнча президент караштуу комиссиянын башчысы Турсунбек Акун да бул окуядан кабардар экенин, учурда издөө иштери жүрүп жатканын «Азаттыкка» кабарлады.

XS
SM
MD
LG