Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:25

ОШТО ЭКИ ӨЗБЕК КАЧКЫНЫ ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛУП КЕТТИ


Ошто убактылуу баш калка издеп жүргөн эки өзбек качкыны удаама-удаа дайынсыз жоголуп кетти. Алардын бири 16-августта, экинчиси 17-августта жоголгон. Качкындардын минтип дайынсыз жоголушуна жергиликтүү укук коргоочулар тынчсызданып, ар кандай божомолдор айтылууда.

Жергиликтүү укук коргоочулардын маалыматына караганда, былтыркы Анжиян окуясынан улам баш калка издеп Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон бул эки атуулдун Кыргызстандын аймагында жүргөнүнө бир жылдан ашуун убакыт болгон. Экөө тең мында баш калка издеген адам катары катталышкан. 16-август күнү кечки саат алтылар чамасында алардын бири – Валижан Бабажановду жашаган жеринен өздөрүн милицияданбыз деп тааныштырган белгисиз адамдар алып чыгып кетишкен. Эртеси күнү дагы бир качкын – Сайдулла Шакиров да ушундай окуяга туш болгон. Алардын минтип дайынсыз жоголушу коомчулукта ар кыл божомолдорду, тынчсызданууларды пайда кылууда.

«Адилет» укук коргоо борборунун жетекчиси Чолпон Жакупова такталбаган кээ бир маалыматтарда алардын Өзбекстанга берилгени айтылып жатканы абдан тынчсыздандырып жатканын айтат:

- 16-17-август күндөрү эки адам жоголду. Алар жашап турган жерге өздөрүн милицияданбыз деген адамдар келип алып кетишиптир. Алар экөө тең баш калка издеген адам катары катталган болчу. Бул боюнча укук коргоо оргнадарына кайрылуулар болду. Бирок алардын баары буга тийиштиги жоктугун айтып, издөө салынаарын билдиришүүдө. Ошол эле учурда бизге бул эки адам Өзбекстанга берилгени тууралуу такталбаган маалыматтар жетүүдө. Бул бизди абдан тынчсыздандырууда.

«Ош адилеттүүлүгү» укук коргоо уюмунун юристи Салижан Маликовдун айтымында, учурда бардык укук коргоо органдарына кайрылуулар болуп жатат:

- Биз бардык укук коргоо органдарына кайрылдык. Бирок алар эч нерсе билбестигин айтууда. Андыктан биз азыр укук коргоо органдарына аларды издөө үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүү жана мындай окуялардын алдын алуу өтүнүчү менен кайрылып жатабыз.

Адам укуктары боюнча президент алдындагы комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун да бул окуядан кабардар экенин, эгер алар табылбаса Кыргызстандын беделине шек келээрин айтат:

- Эгер бул качкындар табылбаса чоң чатак болот, Кыргызстандын абройуна шек кетет. Укук коргоо оргнадары тез арада табыш керек аларды, таппасак уят болобуз. Биздин комиссия да тиешелүү органдарга кайрылып, аракет кылып жатабыз.

Ошентип азырынча качкындарды издөө аракеттеринен эч кандай майнап чыга элек. Бул окуя боюнча бизге атайын кызматтардан жана башка тиешелүү тараптардан маалымат алууга иш күнү бүтүп калганына байланыштуу мүмкүнчүлүк болбоду.

Сүрөттө: Былтыр Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанда убактылуу баш калкалап турган өзбек качкындары («Азаттыктын» архивинен алынды)
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG