Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮРМӨЛӨРҮНДӨГҮ АБАЛ ӨЛКӨНҮН КООПСУЗДУГУНА КОРКУНУЧ ТУУДУРАБЫ?


Ушул аптада Эл аралык кризистик топ Кыргызстандын жазаны аткаруу боюнча башкы башкармалыгындагы кырдаалдын начарлашы өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурууда деген маанидеги билдирүүсүн таратты. Аталган башкармалыктын жетекчилиги андагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракеттер көрүлүп жаткандыгы тууралуу айтууда.

Эл аралык кризистик топ тараткан билдирүүдө жазаны аткаруу башкармалыгындагы абалдын начарлашы мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурууда деп айтылат. Анда белгиленгендей, жаза өтөө жайларындагы мындай оор абалдан улам башкармалык алардагы 16 миңден ашуун адамдын үстүнөн болгон көзөмөлдү жоготуп койду.

Эл аралык кризистик топтун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Майкл Холл “Азаттыкка” маалымдагандай, өлкөнүн пенитенциардык системасында тез арада реформа жүргүзүлүшү зарыл. Анткени, мындай абалдын сакталышы өлкөнүн коопсуздугуна өз таасирин тийгизиши ыктымал.

- Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү бийлик жазаны аткаруу башкармалыгына эмес, криминалга, жаза өтүп жактандардын өзүнө таандык экендиги эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан, турмөлөрдөгү абал да алардын кыймыл-аракеттерин таандык болууда. Криминалдык дүйнөдөгү, түрмөлөрдөгү кандайдыр бир башаламандыктардын орун алышы мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурушу толук ыктымал .

Майкл Холлдын баамында учурда Кыргызстандын жаза өтөө жайларындагы бийлик анын жетекчилигине баш ийбегендиги да абактардагы оор абалга, түрмөлөрдүн материалдык-техникалык абалынын начарлыгына, мамлекет жаза өтөөчүлөрдү тамак-аш, кийим-кече менен тиешелүү деңгээлде камсыз кыла албагандыгына байланыштуу.

Ал эми Жазаны аткаруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Элмурат Молдобаев учурда түрмөлөрдөгү абалды оңдоо багытында иш-чаралар жүргүзүлүп жактандыгы тууралуу “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү билдирди:

- Былтыркыга салыштырмалуу азыр мисалга алсак, түрмөлөрдөгү тамак-аш жакшыраак бериле баштады. Анткени, буга чейин бир адамга күнүнө 14 сом сарпталса, азыр 20 сомго чейин сарпталууда. Түрмөлөрдөгү өндүрүш иштерин жандандыруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Анткени, жаза өтөп жаткан адамдарды эмгек менен тарбиялоо керек. Түрмөлөрдүн имараттарын жаңыртуу үчүн каржы министрлигинен акча сурадык. Бирок, азырынча бериле элек. Бирок, азыр бюджетте акча жок экендигин да эске алуу керек .


Серепчилер белгилешкендей, Жазаны аткаруу башкармалыгындагы реформа сот, прокуратура, бүт тартип коргоо органдарын реформалоонун алкагында жүргүзүлүшү керек. Анкени, анын баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Өз алдынча Жазаны аткаруу башкармалыгында гана реформа болушу мүмкүн эмес.

Учурда Юстиция министрлиги тарабынан пенитенциардык системасын гумандаштыруу боюнча мыйзам долбоору иштелүүдө. Анда өлкөнүн Кылмыш Кодексине бир катар өзгөртүүлөр менен толуктоолордун киргизилиши, жаза өтөөнүн альтернативалуу жолдору каралууда.

Жазаны аткаруу башкармалыгынан билдиришкендей, эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, түрмөдө отурган адамдардын саны 50 пайызга чейин кыскартылат. Анткени, башкармалыктын башчысынын орун басары белгилегендей, учурда эки тоок же бир кой уурдагандар да беш жылга чейин эркинен ажыратылууда:


- Чындыгында бүгүнкү күндө түрмөлөрдө бир бут кийим уурдагандар да беш жылга чейин отурат. Соттор ошондой чечимдерин чыгарып коюшат. Мисалга алсак, майда уурулук кылымышын жасап, мамлекетке 200 сом зыян келтирген адамды беш жылга түрмөгө отургузса, аны багуу үчүн мамлекет канча каражатты сарптап атат? Альтернативалуу жаза өтөө ишке киргизиле элек. Ошондуктан, учурда пенитенциардык системаны гумандаштыруу максатында атайын мыйзам долбоору иштелүүдө , -дейт Элмурат Молдобаев.


Эл аралык кризистик тобу өз докладында пенитенциардык системадагы абалды жөнгө салуу боюнча кыргыз өкмөтү менен парламентине бир катар сунуштарын айткан. Алардын ичинде түрмөлөрдөгү абалды жакшыртуунун жолдорунун бир катары алардагы өндүрүштү жандандыруу, ишкерликти уюштуру, түрмөлөрдүн салык төлөмдөрүн кыскартуу сунушталган. Андан сырткары, жаза өтөө жайларында иштеген кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу, альтернативалуу жаза өтөө системасын түзүү сыяктуу сунуштар да докладда камтылган.

Азиза Турдуева, Бишкек

XS
SM
MD
LG