Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

ЛИВАНДА КАЙРАДАН ОК АТЫЛДЫ, “ХАМАСТЫН” БЕЛДҮҮ МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ


Бириккен улуттар уюмунун ок атууну токтотууга үндөгөн резолюциясы аткарылбай, өткөн түнү Израиль армиясы Ливандын чыгыш тарабында атайын операция өткөрдү. Ошентип, дүйшөмбүдөн бери тынчтык өкүм сүрүп калган аймакта кайрадан ок атылып, Палестинада өкмөттүн белсемдүү өкүлү камалганына байланыштуу кыжырдануу күч алды. Ал тапта Улуттар уюмунун баш катчысы Ливанга жөнөтүлө турган көп улуттуу күчтөргө салым кошууга үндөп, бардык мамлекеттерге кайрылды.

Израил армиясы ошентип, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши ок атууну токтотуу жөнүндөгү резолюция кабыл алгандан берки бейпилдикти бузуп, өткөн түнү Ливандын чыгыш тарабында операция өткөрдү. Тель-Авивдин айтымында, бул операция Иран менен Сириянын “Хезболланын” согушкерлерине курал жеткирүү аракетине каршы уюшулду.

“Ройтер” агенттиги түнкү салгылаштар маалында “Хезболланын” 3 жоокери курман болуп, Израил аскерлерин көздөй ракета жаадырылганын кабарлайт.

Ишембиде Улуттар уюмунун коогалуу аймактагы эки чабарманы Ливандын премьер-министри жана тышкы иштер министри менен жолугушту. Анын соңунда Ливандын тышкы иштер министри Фавзи Саллух Бириккен улуттар уюмунун резолюциясын Израил кынтыксыз аткарышы керек деп белгиледи:

- Биз Улуттар уюмунун резолюциясын толугу менен кабыл алып, ошого баш ийип жатабыз, Израил да андагы жоболорду аткарууга тийиш.

Бириккен улуттар уюмунун чабарманы Терье Руд-Ларсен Ливан ушул кырдаалдан айрым пайдалуу тыянактар жасашы мүмкүн деген үмүттө.

- Ушу тапта
Ливан эли жана Ливан өкмөтү үчүн чыныгы демократиялуу өлкө куруу, жалпы улуттук биримдикти бекемдөө, Таиф макулдашуусунда камтылган бардык жоболорду жүзөгө ашыруу жаатында абдан чоң мүмкүнчүлүктөр ачылып отурат.


1989-жылы кол коюлган Таиф макулдашуусу Ливандагы жарандык согушка чекит коюп, саясий стабилдүүлүккө жол ачкан. Аңгыча жума күнү Ливандагы көп улуттуу күчтөрдү башкара турган Франциядан алгачкы 50 аскер инженери келип түшкөнү кабарланды. Улуттар уюму Ливандын түштүгүнө баш-аягы 15 миңдей көп улуттуу күчтөрдү жайгаштыруу ниетин билдирүүдө.

Ал тапта Палестинанын бийликтери автономиянын вице-премьер-министри, “Хамастын” мүчөсү Насереддин ал-Шаердин камакка алынганын терең нааразычылык менен билдиришти. Израил аскерлери ал-Шаердин үйүнө таңга маал кирип барып, шашылыш түрдө аны кармап кетишкен. Палестин өкмөтүн башкарып жаткан Хамас уюму ал-Шаерди камакка алуу – эл аралык мыйзамдарды бузуу менен аткарылган киши уурдоо деп сыпаттады. Израил июнь айында палестин согушкерлери бир жөөт аскерин уурдап кеткенден бери “Хамаска” мүчө 20дан ашуун палестин мыйзамгерин камакка алды.
Венера Сагындык кызы

XS
SM
MD
LG