Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:50

ИРАНДА ИРИ СОГУШТУК МАШЫГУУ ӨТҮП ЖАТАТ


Иран бүгүн кыска аралыкка учуучу ракетасын сынады. Сынак өлкөдө өтүп жаткан чоң аскер машыгуусу менен бир мезгилге туура келди. Ал эми жаңы согуш доктринасы киргизилген чактагы машыгуу Ирандын ядролук программасы боюнча Батыш менен тирешүү күчөп жаткан мезгилде өткөрүлүп жатат.

Ирандын мамлекеттик сыналгысы көчмө платформалардан 10 ракетанын атылганын көрсөттү. Бийлик өкүлдөрү баш калаа-Тегерандан 250 чакырым түштүк-чыгыштагы Кашан чөлүндөгү сынак ийгиликтүү өттү деп билдиришти. Алардын айтымында, Иранда жасалган "Саеде" же "Чагылган" деген аталыштагы жерден жерге атылуучу ракета 80ден 250 чакырымга чейинки аралыкка учат жана аны радар системасы кармай албайт.

Кечээ Иранда өлкөнүн жаңы согуштук доктринасына багышталып, ири масштабдагы аскердик машыгуу башталганы жарыяланган эле. Иран армиясынын башкы кол башчысы Атаолла Салехи өлкө ар кандай кол салууга даяр турушу керек деп айтып, буларды кошумчалады:

- Бул согуштук машыгууда өзүңөр күбө болуп жаткан күч-кубатты биз карөзгөй душмандарыбыз менен согуштардагы тажрыйбабыздан жыйнаганбыз. Биз душмандарыбызды таң калтыра турган пландарды иштеп чыктык.

Мамлекеттик сыналгыдан кабарлашкандай, машыгуу ирандык шийи мусулмандары пир туткан Али имамдын кылычынын атынан "Зулпукордун соккусу" деп аталат. Согуш оюндары Ирандагы 30 дубандын 14үндө өтүп, беш жумага созулат. Маневрлардын биринчи баскычы түштүк-чыгыштагы Систан-Балучистан дубанында абадан бомбалоодон башталды. Ирандын армиясы апрель айында да Перси булуңунда жаңы ракеталарды, торпедолорду жана башка жабдыктарды сынактан өткөргөн эле.

Бул согуштук машыгууларды баяндамачылар Ирандын мунай ташуу жолдорун бууп сала ала тургандыгын далилдөө аракети деп баалашууда. Мындай кадамга Иран өзүнүн ядролук программасына байланыштуу Батыш менен тирешүүсү күчөп кетсе барышы мүмкүн. Батыш ядролук программага жамынып, Иран атомдук бомба жасап жатат деп шектенип келет. Бирок, Иран бул программа өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын кепилдөө гана аракетин көздөйт деп ырастаган. Тышкы иштер министринин маалымат катчысы Хамид Реза Ассефи бүгүн Иран ядролук куралды колдонууга боло турган уран байытуудан баш тартпай тургандыгын кайрадан эскертти. Батыш өлкөлөрү Иранга сунуш эткен уран байытуудан баш тартуу сунушуна Иран 22-августка чейин жооп бериш керек.

Жаңыл Жусупжан, Прага

XS
SM
MD
LG