Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ ДОЛБООРУ ЭМНЕ ҮЧҮН СЫНГА АЛЫНУУДА?


Депутат Азимбек Бекназаров башында турган жумушчу топ иштеп чыккан Конституциянын долбооруна карата учурда коомчулукта ар кандай сын-пикирлер айтылууда. Сын-дооматтар негизинен мамлекеттик башкаруу системалары, тил маселеси, конституциялык соттун айланасында болуп жатат. Жумушчу топтун мүчөлөрү өз кезегинде башмыйзам долбоорлору Кыргызстандын өзгөчөлүктөрүн жана эл арасындагы талкуунун жыйынтыгын эске алуу менен иштелип чыккандыгын белгилешүүдө.

Кыргызстандагы айрым серепчилердин көз карашында Конституциянын жаңы долбоорлорунда бири-бирине карама-каршы келген өзгөртүүлөр менен толуктоолор орун алган. Долбоорлорду иштөө илимий ыкмаларга негизделген эмес жана авторлор өлкөнүн өнүгүү стратегиясын көздөшпөгөндүгү байкалат.

Жумушчу топтун президент тарабынан дайындалышы да Конституциянын бийликтин кызыкчылыгында жазылышын шарттады, долбоорду иштеп чыгууда башкы көңүл мамлекеттик башкаруу системасына эмес, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо маселелерине бурулушу керек эле деген пикирлер да айтылууда.

Арйым серепчилер президенттик-парламенттик башкаруу формасын сунуштоонун өзү туура эместигин белгилеп жатышат. Анткени, алардын жүйөсүндө, Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу президенттик же парламенттик болууга тийиш, мамлекеттик башкаруунун аралашма системасы теорияда да жок.


-Дүйнөдө аралашма система деген жок. Муну кыргызча деп эле ойлоп чыгышты. КМШ өлкөлөрүнүн ичинде ушундай табылга болуп жатат окшойт. Биз 100 жылдарга эсептелген Конституцияны жазып чыгабыз деп үмүттөндүк эле. Бирок, бул ирет да Аскар Акаевдин учурундагыдай эле, азыркы бийликтин кызыкчылыгын көздөгөн долбоорлор жазылып калды деп эсептейм. Конституцияны жазууга коомчулук катышпай калды, - дейт экс-депутат Бегиш Ааматов.

Саясат таануучу Зайнидин Курмановдун көз карашында авторлор Конституциянын үч долбоорун эмес, эки долбоорун иштеп чыкты деген туура. Анткени, президенттик жана президенттик-парламенттик башкаруу сунушталган эки долбоор бири биринен олуттуу айырмаланбайт. Бул варианттар боюнча премьер-министрлик институт жоюлуп, аткаруу бийлигин президент өзү жетектейт.

Бирок, айрым саясатчылар Кыргызстандын азыркы шартында аралашма башкаруу ылайыктуу деген көз карашта. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов да карманууда.

Конституциянын долбоорунда орус тилинен расмий макамдын алынып салынышы, Конституциялык соттун жоюлушу боюнча сунуштар да сын пикирлерди жаратты.

Ошол эле учурда, парламенттин негизги бөлүгүн пропорционалдык система менен шайлоо, жогорку кызматтагы адамдардан кол тийбестикти алып салуу сыяктуу сунуштар колдоого алынууда.

Жумушчу топтун мүчөлөрү өз кезегинде башмыйзам долбоорлору Кыргызстандын өзгөчөлүктөрүн жана элдин талкуунун жыйынтыгын эске алуу менен иштелип чыккандыгын белгилешүүдө.

-Азыр биз иштеп чыккан баш мыйзам долбоорлоруна карата ар кандай сын пикирлер айтылууда. Бирок, биз өз позициябызды коргойбуз. Долбоорлорду жазууда эң башкысы, элдин пикири, Кыргызстандын тарыхый, саясий жактан өзгөчөлүктөрү, азыркы шарты эске алынды. Биз ошол бир гана эл аралык тажрыйбаны көздөөдөн, чет өлкөлөрдүн саясий системаларын негиз кылуудан алыс болуу максатын койгонбуз,- деди жумушчу топту жетектеген депутат Азимбек Бекназаров.

Азиза Турдуева, Бишкек

Сүрөттө : Жумушчу топтун жетекчиси, депутат Азимбек Бекназаров калк аралап, баш мыйзамдын долбоору боюнча пикир алышып келгенин белгилейт.

XS
SM
MD
LG