Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

16.00. Өзбекстандык жарандар таш кенин мыйзамсыз казууга аракет кылышкан


ЖАЛАЛАБАТ. Облбийлик менен чек ара, бажы, улуттук коопсуздук өкүлдөрү кирген жумушчу топ Өзбекстандын тоо кенчилерине маселени мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүнү түшүндүрүшкөн. Алабука районундагы Кошболот айылындагы таш кени бар жер Ташкенден чыккан картага ылайык Кыргызстанга караштуу экендигин далилдеп беришкен. 17-18-август күндөрү таш кенин казып алууга коңшу өлкөдөн 3 бульдозер, компрессорлуу 1 автокран жана 15-20 жумушчу келген. Абалды изилдөөгө барган жумушчу топту Өзбекстандын чек арачылары ал жерден айдап чыгууга аракет кылышкан. Наманган облусунун Чуст районундагы фирма 2004-жылдан бери таштарды облус аймагынан мыйзамсыз ташып кетүү менен өз жеринде иштеткен таш тактайлардын 1 чарчы метрин 12 доллардан сырт өлкөлөргө сатып турган.

Ырысбай Абдыраимов

XS
SM
MD
LG