Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:55

17.30. Ысыккөлдө малдын кыгынан жасалган биогаз колдонулат


КАРАКОЛ. Мындан эки миң жыл мурда Кытай жана Индияда биринчи жолу тиричиликке керектелген биогаз эми Кыргызстанда да кулач жайды. Уй, кой, тоок жана башка малдын заңы менен сууну 12 күн ачытып, газ катары пайдалануу ыкмасын элге жайылткан Камбыл Момунов Бишкектеги Фитофарм ишканасы аркылуу Ысыккөлгө ондон ашык биогаз орнотту. Анын айтымында колго ачытылган биогазда метан, углекис, газ жана башка майда заттар пайда болуп, ал түтүнсүз көк түстөгү от болуп күйөт. Мисалы, 100 кв. метр үйдү бир күн жылытууга 15-20 куб. метр биогаз керектелет. Бул көмүр жана электроэнергиядан эки эсе арзан түшөт экен. Бул маалымат Ысыккөл районунун Кашат айылында болгон Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынан 21-августа тегерек үстөл жыйынында айтылды.

XS
SM
MD
LG