Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

КЫРГЫЗСТАН ЭКИ КАЧКЫНДЫ ӨЗБЕКСТАНГА ТЫМЫЗЫН ӨТКӨРҮП БЕРДИБИ?


Өткөн жуманын акыркы күндөрүндө Ошто убактылуу баш калкалап жүргөн эки өзбек качкыны дайынсыз жоголуп кетиши коомчулукта тынчсызданууларды, ар кандай божомолдорду пайда кылууда. Айрым маалыматтарга караганда, алардын бирөөсү азыр Анжияндын тергөө абагында отурат. Кээ бир байкоочулар бул кыргыз-өзбек президенттеринин террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөрүнөн улам жасалган иш экенин, кыргыз бийлиги эки жүздүү саясат жүргүзүүгө өткөнүн айтышууда.

«Адилет» укук коргоо борборунун башчысы Чолпон Жакупованын айтымында, 16-17-август күндөрү Оштон жоголгон өзбек качкындарынын бирөөсү азыр Анжияндын тергөө абагында отурат. Ал мындай кабарды бул качкындын жакындарынан алган. Анжиян окуясынан улам баш калка издеп Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон Валижан Бабажанов менен Сайдулла Шакировдун Кыргызстандын аймагында жүргөнүнө бир жылдан ашуун убакыт болгон. Экөө тең мында баш калка издеген адам катары катталышкан. Окуяга күбө болгондордун айтымында, бул экөөн тең Өзбекстанга тиешелүү автоунааларга салып кетишкен.

Чолпон Жакупова мындай кадам менен Кыргызстан эл аралык келишимдерди бузуп жатканын айтат:

- Биз эл аралык милдеттенмелерди сактайбыз деп бүт дүйнөгө жар салабыз да, ага ишенип келген (өзбек) атуулдар катталган соң, аларды берип койуп жатабыз. Бул, албетте, туура эмес. Андай болсо биз эл аралык коомчулукка Өзбекстандын алдында эл аралык милдеттенмелерди аткарбайбыз деп эле ачык айтыш керек. Түштүктө болуп жаткан акыркы окуялар мени абдан таң калтырууда. Өзбекстандын атайын кызматынын адамдары өз үйүндө жүргөндөй каалаган адамын алып чыгып кетүүдө….

Ошол эле учурда Кыргызстандын укук коргоо органдары эки өзбек качкынын минтип дайынсыз жоголушуна эч кандай тийиштиги жоктугун айтууда. Канткен менен коомчулукта алардын Өзбекстанга атайлап эле берилгенин түкшүмөлдөгөн пикирлер арбын. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдрасулова болсо кыргыз-өзбек президенттеринин акыркы сүйлөшүүсүнөн соң, Кыргызстан өзбек качкындарынынын алдында эл аралык милдеттенмелерин унутканын айтат:

- Президент тараптан өзбек качкындарын өткөрүп бергиле деген көрсөтмө балким болгон эместир. Бул жанагы бөрк ал десе баш алгандардын ишидир, балким. Терроризмге, экстремизмге каршы күрөш дегендин шылтоосу менен өзбек качкындарын бир четтен кармап берип атышат. Эки президенттин акыркы макулдашуусунан соң биздин өлкөнүн саясаты 180 градуска артка бурулуп, эл аралык нормаларды аткарууну таптакыр унуттук.

Укук коргоочу Азиза Абдарсулова ошондой эле Кыргызстан эл аралык келишимдерди аткарбаган сон андан баш тартышы керектигин белгилейт:

- Мыйзам боюнча өзбек качкындарынын биздин аймакта жүргөнгө укугу бар, Кыргызстан алардын укугун коргошу керек. Бирок иш жүзүндө андай болбой жатат. Эки жүздүү саясат болуп атат. Эл аралык келишимдерди аткарбаган соң Кыргызстан алардан баш тартышы керек.

Айрым байкоочулардын пикиринде, Кыргызстан үчүн эми Өзбекстан деген дагы бир «улуу ага» пайда болду. Демек, мындай иштер өзбек бийликтерине жагынуу үчүн жасалып жатышы мүмкүн.

Ал эми адам укуктары боюнча президент алдындагы комиссия төрагасы мындай пикирлерге кошулбаганы менен, ушундай күчтөр болушу ыктымалдыгын четке какпайт:

- Кандайдыр бир деңгээлде өзбек бийликтерине кошомат кылган күчтөр, аракеттер болгонсуп жатканын сезип жатам. Мындай аракети менен азыркы бийликти жаманатты кылгысы келген күчтөр пайда болуп жаткандай.

Эки качкын дайынсыз жоголгон соң, 18-августта кечке жуук Ош шаарында бир жерде чогуу жашаган дагы беш качкынга өздөрүн милиция атап эки адам келишкен. Алар бул жерде мыйзамсыз мигранттар жашайт деген кабарды угуп, текшерүүгө келгенин айтышкан. Качкындардын абалына бул окуяга байланыштуу чакыртылган укук коргоочулар кийлигишкенден кийин гана милиция атанган адамдар кетишкен. Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында, Анжиян окуясынан кийин Ошто баш калка издеген 65 өзбек атуулу катталган.

Шайырбек Эркин уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG