Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

ЧЕЧЕНСТАНДЫН КЕЛЕЧЕКТЕГИ ЖЕТЕКЧИСИН ТАНДОО БАШТАЛДЫБЫ?


Чеченстандын өкүмөт башчысы Рамзан Кадыров 5-октябрде отузга чыгат. Орусиялык басылмаларда аны ошондон кийин жумурияттын жетекчилигине келет деген кеп таркоодо. Анын азыркы Чеченстан президенти Алу Алханов менен тымызын бийлик талашуу аракетин жасап атканы кыйлага маалым. Ошол эле учурда Рамзан Кадыров саясий турмушту таштагым келет деп 14-августта журналисттер алдында билдирүү жасады. Көптөгөн орусиялык жана чет өлкөлүк анализчилер мындай көрүнүшкө ар кыл баа беришүүдө.

Кийинки учурда кремлдик саясатчылар отузга толо элек Кадыровду ачык эле Чеченстандын жумуриятынын эртеңки президенти деп атап калышты. «Эркин Европа жана Азаттыктын» анализчиси Елизабет Фуллер (Liz Fuller) болсо азыркы тушта Чеченстанда адам укугун башкача бычууну эңсеген, орусиялык жетекчиликтен таяныч тапкан жаңы лидер бийликке келиши кыйын эмес дейт.

Чеченстандын мурдагы президенти Аслан Масхадов жок кылынгандан кийин жикчилдер анын ордуна Абдул-Халим Садулаевди шайлап алышкан. Аны да орусиялык федералдык аскерлер июнь айында жок кылынгандан кийин жикчилдер жетекчилиги Доку Умаровдун колуна өттү деп жарыянган.

Саал мурдараакта (Независимая газета, 14-август, 2006) Рамзан Кадыровдун «Басаев жок кылынды, Умаровду жок кылабыз… мен ошондон кийин ээн-эркин башка иш менен алек болгонго өтөм… Мен дегеле саясаттан кетсем дейм», - деген оюу таркай баштаган. 18-августта Доку Умаровдун агасы (Ахмат Умаров – ММ) Грозный бийлигине өзү келип бериптир деген кепти ИНТЕРФАКС таркатты.

Кремлдик саясатчы Александр Караваев муну жикчилдер шайы оой баштагандыгы жана ал баарыдан мурда Рамзан Кадыровдун иш билги аракеттеринен улам болуп атат дейт:

«Чеченстандын жеринде колуна курал алып согуш ачкан топтор катары кайра курулуп, азыр Орусиялык федерациянын системасына кошула баштады», - деп айтат.

Басаев өлгөндөн кийин Орусиянын коопсуздугунун Федералдык кызматы жикчилдер күчүнөн кимде ким өз ыктыяры менен багынып берсе аларга мунапыc жарыяланат деген билдирүү жаcаган. Маскөө болсо Умаровдун келип беришин ошонун бир мисалы кылып көргөзгөн. Ал эми «Кавказ-центр» сайтына чыккан маалыматта «Маскөөнүн чакырыгына бир да можахет моюн сунган жок», - делинет.

Андай ойду Чеченстан-Ичкериянын биринчи президенти Жохар Дудаевдин жесири да айтты:

«Ондогону (можахет – ММ) балким колго түшүп берет. Бирок калганы каршылык көргөзүүсүн уланта берет. Эмне дегенде Орусияга алар ишенишпейт», - деген Алла Дудаева «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде.

Ал эми Грозныйда бийлик кимдин колуна өтөт кебин Карнеги борборунун эксперти Алексей Малашенко «Новые известия» (15-август, 2006) жаш Кадыровдун президенттик орунду чануу бул жакта калсын, кайра аны алыш үчүн кармашын күчөттү дейт.

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG