Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:19

БОРБОР АЗИЯНЫН ШОРКЕЛДЕЙ БАЛДАРЫ


Борбор Азиянын шоркелдей балдары. Бүгүнкү кыргыз гезиттеринде мына ушул тема, каргадайында катуу турмуштун катаал жүгүн моюнга илген каргадай балдар-кыздардан тартып, чет жерде күн көрүп аткан эмгек мигранттарынын абалы, жаңы замандын көйгөйү козголгон.

Өткөн жылдын 24-мартындагы окуяларды революция дешке болобу? Ушул суроого жоопту «Эркинтоо» гезитиндеги экс-спикер Абдыганы Эркебаевдин окурмандар менен баарлашуусунан тапса болот. А.Эркебаев өлкөнүн бүтүндүгү менен биримдигине коркунуч келтирген жагдайлар биртоп деп эсептейт. Анын айтуусунда, андай коркунучтардын эң кооптуусу - кыргыздардын жер-жерге, кокту-колотторго бөлүнүүсү. Ал аз келгенсип этникалык топтордун арасындагы чыр-чатактар да чыга калууда. Үчүнчү кооптуу жагдай диний реакциялык мүнөздөгү топтордун баш көтөрө баштаганы. А.Эркебаев өткөн жылы 24-мартта революция болгон жок, бирок анын айрым элементтери элдик козголушта көрүндү деген пикирде.

Диний жикчилдердин баш көтөрө башташы коомго чоң коркунуч келтире тургандыгына бүгүнкү «Жаңы кылым» гезити да токтолгон. Бирок да коопсуздук кызматынын аларга каршы аракетин «кээ бир саясатчыларыбыздын макул көрбөй жатканы түшүнүксүз» деп жазат Самат Айжигитов.

Ушул эле гезитте Мирлан Дүйшөнбаевдин «Кыргызстанда кыргыздардын азаюусун каалагандар кимдер?» деген макаласы жарыяларды. Автордун айтуусунда, кыргыз тили маселесине «Орусия көп эле кийлигишип келди». Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Е.Шмагин менен Кыргызстандагы славян фондусунун жетекчиси В.Вишневский орус тилинин расмий колдонулушун конституциялык сот гана аныктарын айтышат. Бирок да бул маселени сот эмес, эл чечет, деп жазат М.Дүйшөнбаев.

Жаңгактын уюлун казып алуучулар токойду толук жок кылууга деле кайыл болуп калышканын, жаратылыш байлыгына напсисин агыткандардын айынан Аксынын жаңгак токойлору суюлуп, көркү кете баштаганы Бакай Чилтегиндин «Аксыдагы алаамат» деген макаласында баяндалган. Аксы токойлорунун 20% жакыны кыйылып жок болду. Токойду бүлүнткөндөргө каршы катуу күрөш ачкан райондун мурдагы акими Тажимамат Туралиев жол-жолдорду тостуруп, ууруларга аачык каршы тургандыгы үчүн кызматынан алынган, дейт Б.Чилтегин.

Кимдир бирөөлөр мактаныч кылып айтып жүргөн «миллиарддаган» сомдук кирешелерден чоң пайданы чет жерде иштеп жүрүшкөн кыргызстандыктар көрүшү кыйын. Себеп дегенде, алардын көбү мыйзам негизинде ачык иштөөдөн качып, жашырын жүрүшөт. Ошондон алардын укуктары тебеленип-тепселип келет, жергиликтүү эл акчасы аз деп иштегиси келбеген жерлерде иштешет. Эмгек мигранттары анын баарына кайыл экенин «МСН» гезитинде Дарья Малеваная жазды. Казакстанда иштеп жаткан эмгек мигранттарынын көбү кыргызстандыктар, саны жагынан алар Өзбекстан менен Тажикстандан кийинки орунду ээлейт.

Алматы шаар жетекчилигинин Шанырак шаарчасын жок кылып, ордуна чоң базар куруу аракетине жергиликтүү эл жапырт каршы чыгып, катуу каршылык көрсөтүшкөнү ушул эле автордун экинчи бир макаласында баяндалган. Карапайым калк менен полиция кызматкерлери урушунан мыйзам коргоо кызматкерлеринин бири набыт болгон. «Жердин бир укумун да бербейбиз» деп чыгышкан шанырактыктардын 20% кыргызстандыктар, деп маалымдайт Д.Малеваная.

Ушу тапта чет жерде иштеп жүргөн экс-министр Болот Абилдаевдин «Газпромдун келиши – турукташуунун жышааны» деген маеги да «МСН» гезитинде жарыяланган. Б.Абилдаев орусиялык «Газпром» компаниясынын алдында түзүлгөн «Газпром Нефть Азия» компаниясынын жетекчиси. Жаңы компания «НК Альянсты» 99 миллион долларга сатып алып, Кыргызстанды күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыз кылуу аракетин көрүүдө.

Эл бийлиги кандай болушу керек? Бул суроого жоопту «ААРЫ» коомдук бирикмесинин жетекчиси Садырбек Назаров издеп көргөн. Аны менен болгон маек «МСН» гезитинде жарыяланган. Конституциянын жаңы долбоорунда президент менен анын үй-бүлөсүн багуу милдетин мамлекет өз мойнуна алары белгиленген. Академик Т.Койчуев мыйзам алдында баарысы бирдей болушу керек, ошондуктан бир киши менен анын үй-бүлөсүнө өзгөчө укуктарды берүүнүн кажаты жок экендигин жазган.

Жаш кыздардын денесин сатышы, Борбор Азиянын чоң-кичине шоркелдей балдарынын жашоо турмушу тууралуу «Тамчы» гезитинде Бактияр Шаматовдун материалы жарыяланган.
XS
SM
MD
LG