БИШКЕК. Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбү шаарында КМШ жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин жыйыны өтүүдө. Анда терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүү, курал-жарак, маң заттарын сатууга бөгөт коюу маселелери талкууланууда. Бул жыйынга Кыргызстандын баш прокурору Камбаралы Конгантиев да катышууда.