Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:29

КЫРГЫЗСТАН КАЛКЫНЫН СООСУНАН ООРУСУ КӨБӨЙДҮБҮ?


2006-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстан калкынын саны 5 миллион 200 миңге жакындады. Адистердин айтымында, жыл сайын адамдардын өлүмү көбөйүп, республикадан биротоло чыгып кеткендердин саны өсүп жаткандыктан калктын санынын өсүшү табийгый деңгээлден артта калууда. Мындай жагдайга өлкөнүн экономикалык чабалдыгы, өкмөттүн көп балалуу үйбүлөрдү, жаш жубайларды материалдык жактан колдогон, эне-баланын денсолугу үчүн кам көргөн максаттуу, бирдиктүү саясатынын жоктугу себеп болууда дешет демографтар.

2003-жылы Кыргызстанда калктын саны 5 миллионго жеткени зор салтанат менен белгиленип, 5 миллиончу болуп төрөлгөн балага мурдагы президент Акаев Тынчтыкбек деп ат коюп батасын берген эле.

Адистердин айтымында убагында жалындуу, оозеки аруу тилектер айтылганы менен Кыргызстанда демографиялык абалды жакшыртуу багытында максаттуу саясат жүргүзүлбөй келатат. Акыркы эки жылда республикадагы калктын санынын өсүү темпи 200 миңди багындыра алган жок. Тескерисинче калктын арасында өлүм көбөйүп, төрөлгөн балдардын саны жылдан жылга кыскарууда.

Өлкөнүн Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 1990-жылы 129 миңге жакын бала төрөлсө, 2005-жылы андан 20 миң бала аз төрөлгөн. Ал эми өлгөндөрдүн саны 1990-жылы 30 миңдин тегерегинде болсо, 2005-жылы 36 миңден ашып кеткен.

Байкоочулардын баамында Кыргызстан калктын өсүү деңгээли, темпи боюнча кошуна Тажикстан жана Өзбекстандан артта калып жатат:

- Акыркы жылдарда Өзбекстандын калкы 26 миллионго жетсе, жыл сайын алты жүз миңден бир миллионго жакындаган өсүш берет экен. Тажикстан акыркы он жылда 2 миллионго жакын көбөйүптүр. Кайсы бир маалыматтарда акыркы беш жылда Кыргызстандын калкы 200 миңге өстү дейт. Бул деле туура эмес болсо керек. Новосибирскидеги жаш окумуштуулардын иликтөөлөрүндө Кыргызстанда демографиялык кризис болууда,- дейт москвалык политолог Жамила Бегиева.

Республиканын саламаттык сактоо министрлиги 2006-жылы эл арасында эмдөө-иликтөөлөрдү жүргүзгөндө калктын 12 пайызы гана ден соолугу чың деген жыйынтыкка келишкен. Улуттук статистика комитетинин төрага орун басары Калил Жумабаевдин пикиринде, калк арасында өлгөндөрдүн көбөйүп жатышына экономиканын чабалдыгы негизги себеп. Өп-чап, жетишпеген оокаттын айынан эл арасында көбөйгөн ооруулардын арты менен бул дүйнө менен кош айтышкандардын саны жылдан-жылга арбып барат:

- 2005-жылы өлүмдүн саны 719 миң болсо, анын ичинен кан басымы дартынан каза болгондордун саны 340 миңге жеткен. Мындан сырткары тамактын жетишсиздиги, нервдеги стресттердин көп болушу, автокырсыктардын көбөйүшү да өлүмгө себеп болуп атат,- дейт Калил Жумабаев.

Калктын саны тиешелүү деңгээлде өспөй жатышына Кыргызстандын атуулдугунан аткез берип, өлкөдөн биротоло чыгып кеткендердин санынын өсүшү кошумча балта чабууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2005-жылы 30 миңден ашуун адам өлкөдөн чыгып кеткен. Салыштырмалуу айтканда бүтүндөй Нарын облусунун Акталаа районунун эли Кыргызстанда жашагысы келбей кетип калышкан десек болот.

Демографтардын баамында Кыргызстандагы мындай абалдын түзүлүшүнө өлкөнүн экономикалык алсыздыгы, өкмөттүн өз атуулдарына жумуш орун түзүп бере албай, тиешелүү социалдык коргоого алынбай жатышы каскак болууда.

Демограф Гүлзада Усупованын айтымында Кыргызстанда калктын санынын көбөйүшүнө багытталган, көп балалуу үйбүлөлөрдү, жаш жубайларды материалдык жактан колдогон, эне-баланын денсоолугу үчүн кам көргөн максаттуу, бирдиктүү, ачык саясат жок. Андай болбогондон кийин демографиялык абалды жакшыртуу кыйын.

Бакыт Орунбеков, Бишкек

XS
SM
MD
LG