Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

МАСКӨӨДӨ БАЗАРДАГЫ ЖАРЫЛУУДАН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ЖАБЫРКАГАН ЖОК


Дүйшөмбү күнү Москвада Черкизов базарында болгон жардыруудан 10 адам набыт кеткен. Жарадар болгон 50 кишинин 35и эмдигиче ооруканада экен. Ал базарда эмгек этип жүргөн үч миңге чукул кыргызстандык эмгек мигранттары бар экени дайын болууда. Алардын ал-ахвалын Москвадагы «Кыргыз биримдиги» уюмунун мүчөсү Медербек Абдуллаев биздин кабарчы Муса Мураталиевге айтып берген.

- Медербек Адылбекович, сиз ошол Черкизовдук базарда иштечү белеңиз?

-Байланышым бар.

-Ал базарда жардырууну көргөндүрсүз же уккандырсыз. Ошону айта кетсеңиз.

-Жардыруу эртең мененки саат ондон отуз мүнөт өткөндө болгон. Ал окуя болорун угарым менен айланада соода кылган кыргыздарга улам-улам телефон чалып билдим. Мен ал кезде шаарда элем. Жардыруудан жабыр тарткандар арасында биздин мекендештерден эч ким жок.

- Азырынча жардыруунун себеби тууралуу эки болжол айтылып атат. Муну улутчул жаштар кыймылы жаcап койду дешет. Экинчилери- соодада кызыкчылыктан улам эрегишүү ушуга алып келди дешет. Ушунун кайсынысына сиз кошулар элеңиз? Базарда жалпы маанай кандай эле?

-Москва чоң мегаполис. Ал эми орусиянын баш калаасындагы Черкизов базары – мамлекеттин ичиндеги чакан мамлекеттей. Бул жерде өзүнүн укугу, өзүнүн тартиби бар. Бул ири базар. Ал эми жардырууга ким күнөөлүгө келсек, менимче, соода сатыктагы атаандаштыктан улам келип чыккан чатакка окшош.

-Боордошторго келеличи. Ал жерде кыргыздардын абалы кандай?

- Бул жерде эмгек мигранттары болуп келгендер бар. Түзүк эле, орун алышып иштеп атышат. Негизинен жаман эмес.

- Маскөөнү жалпы алып эсептегенде канча кыргыз бар? Экинчиден ошол Черкизовдук базарда канча кыргыз бар?

- Жалпысынан ала келгенде Москва шаары менен Москва облусун ала келгенде 200 миңге чукул мекендештерибиз бар десек жаңылыштык болбойт. Черкизовдук базарда жүргөн эмгек мигранттары азыркы тушта, жаңылышпасам, (кыргыздар саны – ММ) үч миңге жакындап калды.

- Ошо кишилердин баары тең аман-эсенби?

- Кечээтен бери жалгыз байланышыбыз чөнтөк телефону болууда. Тааныган билгендердин баарына телефон чалып сураштырып чыктык. Мекендештерибиз эсен.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG