Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

ИРАНДЫН ӨЗӨКТҮК ИЗИЛДӨӨЛӨРҮНҮН АЙЛАНАСЫНДАГЫ МАСЕЛЕ ТАТААЛДАНЫП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага 22-августта Ирандын жогорку өкүлү айрым чет өлкөлүк дипломаттар менен жолугуп, Батыш тарабынан мурда жасалган сунушка жооп берди. Анын айтымында, өлкөнүн өзөктүк программалары боюнча эл аралык коомчулук менен сүйлөшүү жүргүзүүгө Тегеран даяр.

Иран көп жылдан бери жашыруун өзөктүк изилдөө жүргүзүп келгени мындан бир нече жыл мурда ачыкка чыккан жана АКШ Тегеранды дароо - ал өзөктүк куралга ээ болууну көздөп жатат деп күнөөлөгөн. Вашингтон менен Тегеран ортосунда 1979-жылдан бери мамиле жок болгондуктан, Иран менен үч европалык мамлекет - Алмания, Британия жана Франциянын өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп келген, бирок андан жыйынтык чыккан эмес жана 2004-жылдын ноябрында сүйлөшүүлөр токтоп калган.

Анткен менен Иран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн убактылуу токтоткон, бирок былтыр августта - аларды кайра баштай турганын билдирген, анткени, Тегерандын айтымында, Батыш тараптан Иранга убадаланган сунуштар убагында жасалган эмес. Кийин Иран чындап эле уран байытуу иштерин кайра баштаган жана Батыш мамлекеттери өз-ара сүйлөшүп, Иранга бир нече экономикалык сунуш жасаган. Ал сунуштарды Иран жетекчилигине үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда Европа Биримдигинин өкүлү Хавьер Солана алып келип берген. Жооп качан берилиш керек экени жөнүндө эч кандай чек коюлган эмес жана жасалган сунуштарга качан жооп берүүнү Тегеран өзү чечти.

Эгер Иран өзүнүн бардык өзөктүк изилдөөлөрүн токтотсо, Батыштын айтымында, Иран маселесинин Бириккен Улуттардагы каралышы токтомок жана Тегеранга бир нече экономикалык жеңилдик берилмек. Мисал үчүн, өлкөнүн Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп киришине көмөк көрсөтүлмөк, ага аскерий эмес өзөктүк технологиялар берилмек жана көптөгөн башка экономикалык жардам болмок.

Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани 22-августта Тегеран шаарында Алмания, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Швейцариянын өкүлдөрүнө жазуу түрүндөгү жооп берди, бирок анда эмне деп айтылганы жөнүндө так маалымат жарыяланган жок. Ларижанинин айтымында, Батыш менен кайрадан сүйлөшүү баштоого Иран даяр жана сүйлөшүүлөр 23-августта башталышы мүмкүн. Анткен менен акыркы күндөрдө Ирандын бир нече жогорку жетекчиси - Тегеран өзөктүк изилдөөлөрүн эч кандай шартта токтотпойт, анткени алар аскерий максатты көздөбөйт деп билдирген. Ошондуктан Тегерандын жообун Батыш терс жооп деп кабыл алууда.

АКШнын Бириккен Улуттардагы өкүлү Жон Болтон билдиргенге караганда, эми Иранга каршы санкция жарыялоо аракеттери көрүлүшү мүмкүн: "Эгер алар оң жооп бербесе жана өзөктүк куралга ээ болуу максатынан баш тартпаса, биз Коопсуздук Кеңеши аркылуу аракет көрүп, аларга каршы экономикалык санкция салууга аракеттенебиз", - деди Болтон 22-августта.

XS
SM
MD
LG