Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:02

Террорист тапканга жүз миң сом сыйлык


«Дело №»

Гезит өлкөнүн баш прокурору Камбаралы Конгантиев жана аны менен соттошуп жаткан ушул эле прокуратуранын мурдагы прокурору, генерал айым Галина Пугачева экөөнүн ортосундагы чатагын жазып чыкты. Галина Пугачева өңдүү айлык акылары азыраак кызматтарга төмөндөп калышкан Баш прокуратуранын кызматкерлери Исмаилов менен Иманалиева да өз кожоюнун сотко беришкендигин кабарлаган «Дело №».

Ушул эле гезит Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын начендиги Молдомуса
Конгантиевдин кызы парламент депутаты Арапбай Төлөновдун уулуна турмушка чыкканын, мына ушунун урматына кыздын атасы Жалалабатта той өткөрүп, тойго бир жарым миңге жакын киши катышканын, Кыргызстандын күч органдарынын каймактарынын дээрлик көбү ушул тойдо болгонун, үйлөнүү үлпөтү эртеси М.Конгантиевдин кан кудасы Арапбай Төлөновдун кичи мекени-Карасуу шаарында уланып, ага дагы бир жарым миңге жакын мейман катышканын жазып келип, жакында эле өлкө президенти К.Бакиев аз айлык менен эптеп жашап келатышкан мамлекеттик чиновниктерди аяп, буга окшогон «кандыбулоон» тойлорду токтотуу боюнча буйрук чыгарганын эске сала кеткен.


«Энесай»

Ушул жылдын 12-15-сентябрында АКШнын Айово штатында өтө турган Акыйкатчылар Ассоциациясынын 27- кеңешмесине катышуудан баш тарткандыгын Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу билдирди деп жазып чыкты. Анын себебин Акыйкатчы АКШ президенти Жорж Буш исламды «фашизм» деп атагандыгына байланыштуу деп түшүндүргөн.Турсунбай Бакир уулунун мындай билдирүүсүн кандай түшүнсөк болот? Же Кыргызстан динден тышкары мамлекет экендигин Акыйкатчы мырза унутуп калганбы?-дейт «Энесай».

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын түштүктөгү бардык бөлүмдөрү Өзбекстан ислам кыймылы жана Хизб ут-Тахрир партиясына мүчө болуп жүргөн жарандарга өз эрки менен колго түшүү чакырыгы жазылган баракчаларды тарата баштады. Кимде-ким диний-экстремисттик уюмдардын базасы каерде жайгашканы тууралуу так маалымат берсе 100миң сом сыйлык берилери да айтылган.

«Слово Кыргызстана»

Ушу тапта Кыргызстанды Кытай Эл Республикасы менен туташтырып келаткан кан жол-Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун кейпи күн өткөн сайын кетип баратканын, айрыкча кыш жана жаз мезгилдеринде жол өтө тездик менен бузулуп жатканын жазып келип, бул ирет да Кыргызстандын көктөн издегени жерден табылып, Жапон өлкөсү 5 млн. АКШ доллар көлөмүндө грант бергенин, аны да карыз дебестен бекер бергенин жазды. Окурмандарын эсине сала кетели,Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери жапондор Бишкек-Ош жолунун курулушуна, «Манас» аэропортун оңдоого, мамтелерадиого, ооруканаларга акчалай да,техникалык да жардамдарын берип келатат. Ушул күнгө дейре бардыгы болуп-430 млн.доллар жардам берген.

«Тынч Азия» аттуу борбордун көзкарандысыз байкоочусу Канат Тюкеевдин Анжыян качкындар маселесинин күнгөй-тескейин иликтеген макаласын басты. Автор макаласында эгерде биз чындап эле экстремизмдин чабуулуна каршы тургубуз келсе,анда айрым бир саясатчылардан, коомдук ишмерлер менен коомдук уюмдардан көз каранды болбой турган позицияда иш жүргүзүшүбүз керек деп жазат.

Шайлообек Дүйшеев
XS
SM
MD
LG