Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

КЫРГЫЗСТАН ӨЗБЕКСТАНДЫН ЖОЛОЮНА ТҮШТҮБҮ?


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы издөө салынган террорчуларды, диний экстремисттик маанайдагы уюмдардын мүчөлөрүн 1-сентябрга дейре өз ыктыярлары менен курал-жарактарын тапшырып, багынып келишин талап кылган кайрылуу менен чыкты. Бул уюмдардын катарында Түркстан ислам кыймылы, Хизб ут Тахрир уюму да аталган. Бирок хизбуттахрирчилер эч кандай курал-жарак колдонбостугун айтышып, мындай кайрылууга таң калышууда.

Улуттук коопсуздук кызматы террорчул делинип издөө салынгандарды өз ыктыяры менен багынып берүүгө чакырган кайрылуусунан соң дагы бир кайрылуу таратты. Аталган кызматтын жооптуу өкүлү Нурбек Токбаев бул кайрылууда Түркстан ислам кыймылынын 3-5 адамдан турган куралчан топтору кырдаалды курчутууну көздөп жатканы айтылганын белгилейт:

Өлкө түштүгүндө Түркстан ислам кыймылынын «жамааттар» деп аталган топтору аракеттенүүдө. Алардын аймактагы кырдаалды курчутуу пландары бар. Учурда алар «натуура согуш» тактикасына өтүүдө.

УКК кайрылуусунда Хизб ут Тахрир уюмунун да аты аталышын уюмдун мүчөлөрү таң калуу менен кабыл алышууда. Бул уюмдун Бишкектеги бир мүчөсү Эрлан Бектемиров муну кыргыз-өзбек президенттеринин терроризмге каршы күрөшүү боюнча акыркы макулдашуусунун натыйжасы, Кыргызстандын саясатынын өзгөргөнүнүн белгиси деп эсептейт:

- Бул маселеге байланышкан кырдаал бизде дал Өзбекстандагыдай сценарий менен өөрчүп келатат. Акыркы окуялардан улам ушундай тенденция байкалууда. Биз курал колдонбогон соң мен исламдык конституция долбоорун, китептеримди көтөрүп барып, багынып берейинби?.. Бул саясаттын өзгөргөнүнүн белгилери.

Аталган уюмдун Жалалабаттагы дагы бир мүчөсү Султан Бадалов болсо мындай кайрылуунун эч кандай мааниси жоктугун айтат:

- Биз жашырынбасак, ачыкта жүрсөк, чакырса барсак, курал кармабасак… Биз Кыргызстандын азыркы саясатына түшүнбөй жатабыз. Хизб-ут Тахрирди эч кайсы өлкө террордук уюмдардын катарына кошкон эмес. Эми келип-келип эле Кыргызстан кошуп салды. Бул чакырыктын эч кандай мааниси жок.

Коомчулукта атайын кызматтын бул кадамын колдогондор да жок эмес. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев мындай аракеттин ийгиликтүү болооруна анча ишенбегени менен анын туура экенин белгилейт:

- Мындай ыкма Чеченстанда, Өзбекстанда колдонулуп келген. Террорчуларга кайрылып, курал-жарагыңарды таштап, багынып берсеңер кечирим болот деген кайрылуулар болгон аларда да. Бирок андан сезилээрлик натыйжа байкалган эмес. Эми мындай кыймылдар өтө берилген, фанаттардан тураары белгилүү эмеспи. Ошондой болсо да аларга кайрылып койгон туура. Себеби алардын арасына адашып кошулуп калгандар да болушу, ошолорду ойлонтушу мүмкүн.

УККдан билдиришкенге караганда мындай кайрылуудан соң азырынча (өткөн жумада багынып келген «Босс» деген кличкалуу адамды кошпогондо) курун мойнуна алып, өз ыктыяры менен багынып келген террорчулар болгон жок. Кайрылууда ушул күзгө дейре келбегендерге катуу чаралар көрүлөөрү да айтылат.

Шайырбек Эркин уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG