БИШКЕК. Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринде окуучулар нормадан 30 пайызга ашык. Бул тууралуу бүгүн баш калаадагы мугалимдердин август кенешмесинде айтылды. Шаардагы 91 мектеп 75 миң окуучуга ылайыкташтырылган. Ал эми жаңы окуу жылында борбордогу мектептерде жалпысынан 101 миң окуучунун билим алышы күтүлүүдө.