БИШКЕК. Шейшембиде Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Араван районунун тургуну Курванали Сабировдун үйүндө тинтүү жүргүзгөндө “Маузер” тапанчасы, Калашников автоматынын 14 огу, колго жасалган бычак, диний экстремисттик өңүттөгү баракчалар, аудио-видео кассеталар, DVD табылды. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө, деп билдиришти бүгүн “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан. “Хизб-ут-Тахрирдин” мүчөсү Аюп Хандын айтымында, кийинки учурда тартип коргоо органдарынын курал-жарак табуусу Өзбекстандын укук коргоо органдарынын жасалма ыкмасына окшоп кетет.