Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

КЫРГЫЗСТАН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮНӨ 15 ЖЫЛ: УТКАНЫ ЖАНА УТУЛГАНЫ


Кыргызстан көз каранды эместигин майрамдоо алдында акыркы 15 жылда өлкөдө болгон саясий-экономикалык өзгөрүүлөр, өксүктөр тууралуу коомчулукта талкуулар жүрүп жатат. Элдин 15 жыл ичинде ар кандай деңгээлдеги шайлоо укугуна, сөз эркиндигине, басма сөз эркиндигине жеткендиги, дегеле калктын саясий активдүүлүгүнүн күчөп жатышы демократиянын жетишкендиги катары бааланса, азыркы кыргыз мууну эгемендүүлүктүн баа-баркын анчалык аздектей албай, түйшүгүн көтөрө албай жатат деп сынга алгандар да аз эмес.

Ошентип, өлкө гимнинде ырдалгандай азаттыктын жолунда 15 жыл алгалап бараткан Кыргызстандын жетишкендиги, кемчилиги бүгүн кыргыз коомчулугунда кызуу талкууга алынып жатат.

Дүйнө өлкөрүнүн тарыхында белгилүү болгондой мамлекеттер көз каранды эместигине ар кандай жолдор менен келген. Эгемендүүлүгү үчүн көп жылдар бою күрөшүп, айласыз кан төгүү жолу менен жеткен элдер же улуттар аз эмес. Нечендеген эр азаматтардын башы эркиндик үчүн сайылганы белгилүү. Мурдагы СССР республикалары, анын ичинде Кыргызстан өз эркиндигине кудайдын амири менен кан төгүүсүз жеткени мурда- кийин боло элек тарыхый зор окуя болду, деп эсептейт белгилүү коомдук ишмер, Казат Акматов.

- Башка элдин колтугунда калган эл үчүн азаттык деген өтө бийик жана ыйык нерсе. Ошону көп жылдап күрөшүп, кан төгүп эгемендүүлүгүн алган учурларды тарыхтан билебиз. Ал эми бизге эгемдүүлүк тарыхтын өзгөрүшү, тарыхтын амири менен келди, - дейт Акматов мырза.

Кыргызстанга эркиндикке жеңил келгенин образдуу мүнөздөгөндөр бар. Коомчулук арасында мындай бир кеп айтылат. Кечинде жатса СССР эле, эртең менен ойгонсо Кыргызстан эгемен мамлекет болуп, жалпы эл үчүн түш сыяктуу болуп калганын белгилешет. Ошондуктан Казат Акматовдун пикиринде азыркы кыргыз мууну эгемендүүлүктүн баа-баркын анчалык аздектей албай, түйшүгүн көтөрө албай жаткандай. Алгачкы жылдары эркиндикти чанган учурлар болгон. Арзан келген нерсенин тузу татыбайт тура дейт жазуучу:

- Менин таң калганым ушу болду. Көрсө арзан оокаттын тузу татыбайт дегендей, эркиндик келгенде мунун эмне кереги бар, биз эми куруйбуз, СССР кулагандан кийин кантип жашайбыз, эми өлдүк деп элдин көпчүлүк бөлүгү эгемендүүлүктү танган учурлар болгон, - дейт коомдук ишмер Казат Акматов.

Саясатка баам салгандар Кыргызстан азат мамлекет болгондогу башкы олжосу –элдин саясий эркиндигин өз колуна алганын белгилешет. Элдин 15 жыл ичинде ар кандай деңгээлдеги шайлоо укугуна, сөз эркиндигине, басма сөздүн эркиндигине жеткендиги, дегеле элдин саясий активдүүлүгү күчөп, өз тагдыры үчүн күрөшүп, саясий партиялар көбөйүп жатканы өлкөдө демократиялык принциптердин калыптанып келатканы катары бааланат. Элдин өз тагдырын өзү чечүү дегенибизде 2005-жылдын 24-мартындагы революция анын башкы мисалы, 15 жылдагы тарыхый, саясий мааниси чоң окуя катары айтылат.

Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысынын кеңешчиси Жаныбек Оморовдун пикиринде саясий багыттан алганда эгемендүүлүктүн 15 жылын үч этапка бөлүп баа берсе болот:

- Биринчи беш жылдыкта чыны менен реформалар жакшы жүрүп Кыргызстан бүт дүйнөгө таанылган. Ал эми экинчи беш жылдыкта, ошол реформалар басаңдап авторитаризм күч ала баштады. Үчүнчү беш жылдыкта болсо мамлекеттик кызматтар ачык эле сатылып, пара алуу күчөп, коррупция гүлдөп, мамлекеттик башкаруунун жоопкерчилиги, аброю төмөндөп кеткен,- деп сынга алат Жаныбек Оморов.

Артта калган азат жылдары Кыргызстанда экономкалык реформаларга караганда саясий реформалар менен көп алек болгону жалпы өнүгүүгө кедергисин тийгизди деп сынга алынат. Баш мыйзамдын кайра-кайра өзгөртүүлөргө дуушар болушу, ага ылайык парламенттин палаталарынын көбөйүшү, кайра кыскарышы, саясий партиялардын парламенттин орун алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашы жана бир адамдын бийлигин бекемдөө максатындагы аракеттер коомчулуктун, жергиликтүү бийликтердин курулай убактысын алган, майнап чыкпаган, бошко кеткен жылдар катары бааланууда.

- Ошондон улам саясат чөйрөсүндө гана талкуулар күчөп, президенттик бийлик аброюн жоготуп, Конституцияны кайра жазабыз, оңдойбуз деген аракеттер жана саясий күчтөрдүн тирешүүлөрү акыркы жылдарда бошко кеткен көп убакытты алып койду, - дейт Жаныбек мырза.

Бакыт Орунбеков, Бишкек

XS
SM
MD
LG