Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

ДОНЕЦКИНИН ҮСТҮНДӨГҮ АВИАКЫРСЫКТЫН СЕБЕПТЕРИ ИЛИКТЕНҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага 22-августта Украинанын Донецк облусунда орусиялык учак кыйрагандан 170 адам набыт кетти. Кырсыкка эмне себеп болгону тууралуу маалыматтар ар башка болууда.

Көпчүлүк орусиялык маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, учакка чагылган тийген. Анткен менен "Регнум" агенттигинин билдиришинче, Донецкинин үстүндөгү катуу жаан 15 мүнөткө гана уланган. "Туполев" учактарын чыгарууга катышкан конструктор Роберт Мясниковдун айтымында, чагылгандын айынан учак кыйрабайт болчу:

"Бул кырсыкка чагылган негизги себеп болгон деген кабарлар өтө кейиштүү. Учкучтар тарабынан орчундуу шалаакылык болбосо, чагылган учакка тийе албайт. Ар бир учакта 'Гроза' деген радиолокациялык система орнотулган жана ал андай катуу жаан-чачын болуп жаткан аймактарды аныктап, учкучтарга белги берип турат", - дейт Мясников.

Айрым маалымат каражаттарында - Орусияда колдонулган учактардын эскилиги жетип калган, ошондуктан акыркы мезгилде авиакырсыктар көбөйүп баратат деп айтылууда. Ал тууралуу 23-августта "Нью-Йорк таймс" гезити да жазып чыкты жана мисал катары - 9-июлда Иркутск шаарында, анын алдында 3-майда Сочи шаарында болгон кырсыктарды келтирүүдө. Иркутскта 203 жүргүнчүнүн бир жүз жыйырма төртү өлгөн, Сочиде болсо бардык 113 адам каза тапкан.

Бирок кыйраган учактын ээси, "Пулковские авиалинии" деген компаниянын башчысынын орун басары Василий Налëтенконун айтымында, андай күнөөлөр негизсиз: "Ту-154М учагы 1992-жылы өндүрүлгөн жана андан бери 24215 саат учкан. Акыркы жалпы оңдоодон кийин дагы 9189 саат абада болгон, норма боюнча болсо ар бир учак орто эсеп менен 30 миң саат учуш керек. Ошондуктан кыйраган учактын техникалык кемчиликтери болгон деген күнөө негизсиз", - дейт Пулково компаниясынын өкүлү.

Учактагы эки "кара куту" тең табылды, анда жазылып калынган маалыматтар текшерилүүдө. Айрым кабарларга караганда, учакта өрт чыккан. Башкалардын айтымында, өрт - учак жерге тийип, кыйрагандан кийин гана башталган. Кээ бир күбөлөрдүн айтымында, жерге кулап түшөр алдында учак абада ала салып да кеткен.

Сочи шаарында май айында болгон кыйроого учкучтар өздөрү күнөөлүү болгон деп айтылган. Июлда Иркутсктагы кырсык болсо техникалык себептерден болгон деп жарыяланган.

XS
SM
MD
LG