“Чек арасыз репортерлор” эл аралык уюму түркмөн бийлигинен эки айдан бери камакта жаткан “Азаттык” радиосунун журналистин бошотууну талап кылды. Ашхабатта Огульсапар Мурадованын үстүнөн жакынкы күндөрү сот жараяны башталат. Айрым укук коргоочулар абакта ага психотроптук дарылар сайылып атат деп кабарлашкан. Эркин Европа/Азаттык радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Жефф Тримбл журналисттин камакта отурушуна протест билдирип келет.